1 Классикалык автоматтык өрт кабарлагычтары FCH-T320/FCP-O320/FCP-OC320/FCP-OT320
1.1 Белгилүү максатта пайдалануу үчүн
Түзмөктөр өрт коркунучу келип чыкканда кабар берүү үчүн иштелип чыккан. Бул серияларда 820 Ом сигнал
берүүчү резистор менен коштолгон кадимки чубалгынын жалгыз сенсорлуу жана көп сенсорлуу версиялары
камтылган.
1.2 Техникалык маалымат
Иш учурундагы чыңалуу 8.5 Вольт туруктуу электр агымынан 30 Вольт туруктуу электр агымына чейин
Электр агымынын
керектелиши
< 0.12 мА
Сигналдын чыгышы Электр агымынын жогорулашы (сигналдын карлышыгы 820 Ω)
Индикатордун чыгышы Ачык коллектор сигнал 3,92 кОм ашканда 0 Вольт туташат.
Сырткы көлөмү, түбү жок/түбү менен Ø 99.5 x 52 мм/ Ø 120 x 63.5 мм
Салмагы Кутусу жок/кутусу менен
– FCP-OC320 Болжол менен 85 гр / болжол менен 130 гр
– FCP-OT320 / FCP-O320 / FCH-T320 Болжол менен 80 гр / болжол менен 120 гр
1.3 Эрежелер жана шарттар
Түзмөктү орнотуу жана иштетүү
Орнотуу атайы окуудан өткөн жана дасыккан кызматкер тарабынан гана аткарылуусу зарыл.
Орнотуу боюнча жергиликтүү эрежелериңизди аткарыңыз. Бул түзмөктүн иштетилиши жеке, үй-
бүлө жана тиричиликте колдонуу үчүн багытталган эмес.
Бул түзмөк коркунучтуу чыңалууну шарттабаган SELV (эң төмөнкү вольттогу коопсуз) схемасы менен
жабдылган. Андыктан атайын коопсуздук чаралары талап кылынбайт.
Бир нече кабарлагычтан турган кабарлагыч шлейфи тактанын көзөмөлдөгүчүнө туташтыра турган интерфейске
туташкан.
Интерфейс кабарлагычка кубат берет. Мындан тышкары, шашылыш кырдаалдар тууралуу билдирүү да ушул
интерфейс аркылуу берилет.
Электр тармагына туташтырылбайт.
Түзмөктү иштетүү үчүн:
– Талап кылынган параметрлерди жана конфигурацияны алыстан программалоо каражаты (RPS) менен
программалаңыз.
– Кабарлагычты кабарлагычтын түбүнө туташтырыңыз.
Түзмөктөрдү коммерциялык же өндүрүштүк аймактарда колдонуу боюнча чектөөлөр жок. Төмөнкү таблицада
көрсөтүлгөн жылуулук аралыгын сактоо зарыл.
F.01U.317.510 Bosch Sicherheitssysteme GmbH
2015.10 | version 1.0 | 21