20
КАРОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
•
Желпимени тазалоодон мурун аны өчүрүп,
кубаттандыруучу сайгычын электр тармагынан
чыгарыңыз.
•
Желпименин корпусун сыртынан бир аз нымдуу
жумушак чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин
кургатып сүртүңүз.
•
Корпусту тазалоо үчүн эритүүчү жана абразивдүү
каражаттарды кодонууга тыюу салынат.
•
Желпименин корпусун, электр шнурун жана
кубаттандыруучу сайгычын (5) сууга же башка
суусундуктарга салбаңыз; шайман бузулуу же ток
уруу коркунучун жоюу үчүн корпустун ичине суу
кирүүгө жол бербеңиз.
•
Желпименин арты жагындагы аба алуучу
тешиктерди (3) тазалоо үчүн ылайыктуу
саптамасы бар чаң соргучун колдонсоңуз болот.
•
Электр шнуру (5) эмеректин учтуу кырларына же
учтуу нерселерге тийүүгө жол бербеңиз.
•
Желпимени узак мөөнөттүн ичинде сактагандын
алдында аны тазалап, жерге коюлуучу түпкүчүн
(4) ажыратып, аралыктан башкаруу пультунун
(18) батарея бөлүгүнөн азыктандыруу элементин
чыгарып, желпимени таңгагына салып,
балдардын колу жетпеген кургак салкын жерине
сактоого алып салыңыз.
•
Желпимени кайра пайдалануудан мурун аны
кураштырып, электр шнурунун изоляциялоо
катмарын жана желпименин иштөө абалын
текшерип алыңыз.
САКТОО
– Желпимени электр тармагынан ажыратып, аны
тазалап алыңыз.
– Желпимени заводдук таңгагына салып, сактоого
балдардын жана жөндөмдүүлүгү төмөн
адамдардын колу жетпеген кургак салкын жерге
алып салыңыз.
– Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Желпименин корпусу – 1 даана.
Жерге коюлуучу таяныч – 1 даана.
(эки бөлүктөн турат)
Аралыктан башкаруу пулту – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Желпиме
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 55 Вт
Аралыктан башкаруу пульту
Азыктандыруу чыңалуусу: 3 В, азыктандыруу
элементи «CR2025» (топтомуна кирет)
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен
азыктандыруучу элементтердин (эгерде топтомго
кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-
тиричилик калдыктары менен бирге таштабаңыз,
шайман менен азыктандыруучу элементти
андан ары утилизациялоо үчүн адистештирлиген
пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң
белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-
тирчилик калдыктарды утилизациялоо кызматына
же бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизайнин,
конструкциясын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн
алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун сактайт,
ошол себептен шайман менен колдонмонун
арзыбаган айырмалар болуу мүмкүн. Колдонуучу
ушундай келишпегендиктерди тапса, ал жөнүндө
info@ vitek.ru электрондук почтасына жазып,
шаймандын жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү үч жылдан кем
эмес.
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.