EasyManua.ls Logo

Vitek VT-1940 - Page 20

Vitek VT-1940
24 pages
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
20
КЫРГЫЗ
Жаракат алууну же шаймандын бузулуусуна
жол бербөө үчүн желпименин коргоо
панжараларынын тешиктерине башкача
заттарына салбаңыз.
Желпиме иштеп турган учурунда айланып
турган лопасттарына тийүүгө тыюу салынат.
Желпимени панжара же үй өсүмдүктөрдүн
жанында жайгашпаңыз.
Желпименин аба агымынын астында
чоң мөөнөттүн ичинде туруусу (айыкча
балдарга жана кары кишилерге)
рекомендацияланбайт.
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
Желпимени тазалоонун алдында же аны
көпкө чейин колдонбосоңуз аны электр
розеткасынан ажыратыңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан
тартпаңыз, сайгычынан кармаңыз.
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап
туруңуз.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол
бербегени үчүн аларга көз салуу зарыл.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен
баштыктары же таңгактоочу пленка менен
ойноого уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
Шайман иштеген учурда балдарга
шайманды жана электр шнурун тийгенге
уруксат бербеңиз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
Электр шнуру же кубаттуучу сайгычында
бузулуулар бар болсо, желпиме иштеп-
иштебей турса, шайман кулап түшкөндөн
кийин же башка бузулуулар пайда
болгондон кийин желпимени колдонууга
тыюу салынат.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар
кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Шайманды балдар жана мүмкүнчүлүгү
чектелген адамдар жетпеген кургак салкын
жерлерде сактаңыз.
ШАЙМАН ҮЙ ШАРТЫНДА ТУРМУШ
ТИРИЧИЛИК ҮЧҮН ГАНА ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАСАЛГАН, КОММЕРЦИЯЛЫК МАКСАТТА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ АЙМАКТАРЫНДА
ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИШТӨӨЧҮ ЖАЙЛАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температурада
ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат
кармап туруп, анан иштетүү керек.
Желпимени кураштыруу 
Желпимени таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
Электр кыпчууларынын бүтүндүгүн
текшерип, эгер кандайдыр жери бузук же
сынык болсо, колдонбоңуз.
Штанганын асты жагын (14) жерге коюлуучу
таянчка (15) киргизиңиз, бекитмеге (17)
шайбаны (16) орнотуп, бекитмени (17)
кесилиши боюнча саат жебесинин багыты
боюнча бурап бекитиңиз. Жерге коюлуучу
таянычтын (15) бекем бекитилгенин
текшерип алыңыз.
Бекитмени (13) бурап бошотуп, штанганы
(12) керектүү узундука чыгарып, бекитмени
(13) бир аз күч салып саат жебесинин
багыты боюнча бурап бекитип алыңыз.
Мотор сапсалгысын (9) телескоптук
штангага (12) токтогонуна чейин орнотуп,
бекитмесин (11) саат жебесинин багыты
боюнча бурап аны бекитип алыңыз.
Арткы панжаранын (7) бекитме гайкасын (4)
бурап чечиңиз.
Арткы панжараны (7) мотор сапсалгысына
(9) орнотуңуз. Арткы панжарада (7)
жайгашкан көтрүп ташуу үчүн туткасы өйдө
жакта болуу зарыл.
IM VT-1940.indd 20 12/4/19 8:54 AM

Related product manuals