12
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Эшик бекиткичтер
2. Көрүү айнек
3. Ролик астына койгуч
4. Эшикти ачуу баскыч
5. Башкаруу панели
6. Толкун жетегинен калкан
7. Айнек койгуч
3. ТОЛУКТУК
- Микротолкундуу меш - 1 д.
- Айнек койгуч - 1 д.
- Ролик аянтча - 1 д.
- Колдонуу жөнүндө көрсөтмө - 1 д.
4 ИШТӨӨ ТАРТИБИ
ИШТӨӨГӨ ДАЯРДАНУУ
- Микротолкундуу мешти кутудан чыгарып коюңуз.
-
Шаймандын бузулууларын бар жогун текшериңиз, мештин эшигин иштеши-
не өзгөчө көңүл буруңуз (эгерде бузулуулар байкалса, жакынкы тейлөө
борборуна кайрылыңыз).
- Микротолкундуу мешти кургак, дат баспас жерге орнотуш керек.
-
Мешти дубалдан арткы бетине чейин кеминде 10 см, ал эми капталдагы
дубалдан кеминде 5 см алыстыкта орнотуңуз. Мештин үстүндөгү аралык
20 см ден аз болбош керек.
-
Мештин бардык тарабында желдетүү үчүн абага жеткиликтүү болуш керек.
-
Меш тоскоолдуктарды болтурбоо үчүн сыналгыдан, радиодон же антен-
надан кеминде 5 м алыстыкта болушу керек.
- Микротолкундуу мешти иштөө бөлмөдө орнотконго болбойт.
- Мешти арткы дубалга каршы тургандай кылып орнотуңуз.
ТАЙМЕР
Бышыруунун максималдуу убактысы 30 мүнөт. Ар бир бөлүм 1 мүнөткө ба-
рабар. 10 мүнөттөн кийин бөлүү 5 мүнөткө барабар.
Атайын үн, таймерде коюлган убакыттын бүткөндүгүн билдирет.
БАШКАРУУ ПАНЕЛИ
КҮЧТҮҮЛҮК ЖӨНДӨГҮЧҮ
Күчтүүлүгү 100% Тез бышыруу
Күчтүүлүгү 88% Кадимки бышыруу
Күчтүүлүгү 73% Жай бышыруу
Күчтүүлүгү 52% Ичимдиктер же шорполор
Күчтүүлүгү 42% Эритүү
Күчтүүлүгү 20% Жылытуу
ИШТЕТҮҮ
1. Зымды электр камсыздоо розеткасына туташтырыңыз
2. Таймердеги убакыт нөлдө тургандыгын текшериңиз
3. Желдетүүнү камсыз кылуу үчүн шайманды жабуу сунушталбайт
4. Тамагы менен идишти айнек койгучтун үстүнө коюңуз жана эшикти жабыңыз.
5. Азыктар сөзсүз контейнерде же башка идиште болуусу керек.
6. Күчтүүлүктүн каалаган деңгээлин тандаңыз.
7. Таймердеги убакытты орнотуңуз.
8. Эгерде талап кылынган бышыруу убактысы 2 мүнөттөн аз болсо, анда
таймерди адегенде 2 мүнөткө коюңуз, андан кийин каалаган убакытка.
9. Эгерде бышыруу процессти токтотуу керек болсо, жөн эле каалаган убакта
эшикти ачыңыз, андан кийин жабыңыз. Процесс уланат.
10. Бышыруу убактысы бүткөндөн кийин, атайын үн чыгат, мештеги жарык өчөт.
11. Эгерде сиз тамакты, таймерде коюлган убакыт бүтө электе, микротолкундуу
мештен алып чыксаңыз, таймерди нөл абалына кайтарыңыз!
АЗЫКТАРДЫ ЭРИТҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР
Микротолкундар көпчүлүк азыктардын ичине 4 см тереңдикке киришет.
Эритүү эффектин жакшыртуу үчүн төмөнкү кеңештерди колдонуңуз:
• Чоң көлөмдөгү тамакты эритүү учурунда, тамакты бирдей ысытуу үчүн,
эритүү учурунда аралаштырып туруңуз.
• Эгер эритилген азыктардын салмагы 0,5 кг дан ашса, аларды кеминде
2 жолу оодаруу сунушталат.
• Эритилген азыктарды болушунча тез бышыруу сунушталат жана аларды
кайрадан тоңдуруу сунушталбайт.
Азык Салмак Азыктарды эритүү убакыт
Эт 0.1 ~ 1.0 кг 1:30 ~ 26:00 мүнөт
Тоок 0.2 ~ 1.0 кг 2:30 ~ 22:00 мүнөт
Деңиз азыктары 0.1 ~ 0.9 кг 1:30 ~ 14:00 мүнөт
БЫШЫРУУ БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
МЕШТЕГИ АЗЫКТАРДЫН ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ
Чоңураак жана калыңыраак бөлүктөрдү идиштин четине жакыныраак жай-
гаштырыңыз, ичкерээк бөлүктөрдү - ортого. Мештин ичинде азыктарды бир
тегиз, бир бирин жаппай туруп жайгаштырганга аракет кылыңыз.
БЫШЫРУУ УБАКТЫСЫ
Бышырууну, адегенде таймерди кыска мөөнөткө коюп, керек болсо көбөйтүп,
баштаңыз.
ТАМАКТЫ БИР ТЕГИЗ БЫШЫРУУ
Тоок, гамбургер же бифштекс сыяктуу азыктарды бышыруу учурунда жок
дегенде бир жолу оодаруу сунушталат.
Тамактын түрүнө жараша, аны табактын четинен ортосуна көздөй бир нече
жолу аралаштыруу сунушталат.
БЫШЫРУУДАН КИЙИН
Бышыруу бүткөндөн кийин тамакты микротолкундуу мештин ичинде бир нече
убакытка калтырып коюңуз, бул бышырууну бүтүргөнгө жана тамактын бир
аз муздаганына мүмкүндүк берет.
ДАЯРДЫК ДАРАЖАСЫН АНЫКТОО
Бул жакта сизге тамактын түсү жана тыгыздыгы/катуулугу жардам берет.
Буу, тамактын бардык бетинен, жалаң гана анын четинен эмес, чыгып турушу
керек. Куштун сөөктөрү оңой ажырап турушу керек. Этте кан болбошу керек.
Балык тунук эмес жана вилка менен оңой кесилиши керек.
ПЛАСТИК ТАҢГАКТАРДЫ КООПСУЗ ПАЙДАЛАНУУ
Пластик идиштердин кээ бир түрлөрү майы жана шекери көп тамактарды
микротолкундуу меште бышырганга ылайыктуу эмес.
5. ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
- Электр камсыздоо зымын тармактан ажыратыңыз.
- Тамактын, майдын бардык калдыктарын жана башка кирлерди кетирип,
микротолкундуу мешти үзгүлтүксүз жууп туруңуз.
-
Эшиктин, корпустун, эшиктин айнегинин үстүнөн жана мештин ичиндеги
бетинен кирлерди жок кылыш үчүн жумшак, абразивдүү эмес каражат-
тарды, губканы же жумшак кездемени гана колдонуңуз. Катуу губкаларды
жана металл кошулмалары бар щёткаларды колдонбоңуз. Алар шаймандын
бетин кырып салышы мүмкүн. Бул шарттар сакталбаса, шаймандын иштөө
мөөнөтү кыскарышы мүмкүн.
- Толкун өткөргүч жапкычты чечпеңиз.
6. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
- Көлөмү: 20 л
- Чыңалуу: 220-240 В ~50 Гц
- Кирүүчү кубаттуулук: 1100 Вт
- Мештин кубаттуулугу: 700 Вт
- Микротолкундуу нурлануу жыштыгы: 2450 МГц
- 6 кубаттуулук режим
- 30 мүнөттүк таймер
Көңүл буруңуз! Эскертүү: аспап иштеп жатканда, жеткиликтүү беттердин
температурасы жогору болушу мүмкүн.