14
ЭСКЕРТҮҮ
1. Алмаштыруу учурунда эски же башка типтеги батареяларды колдонбоңуз.
Бул пульттун жакшы иштебей калышына алып келиши мүмкүн.
2. Эгер сиз алыстан башкарууну 1 айдан ашык колдонбосоңуз, батарейкаларды
пульттан алып салыңыз, анткени алар агып кетип, пультту бузушу мүмкүн.
3. Шайманды күн сайын колдонуу менен, батарейкалардын иштөө мөөнөтү бол-
жол менен 6 ай түзөт.
4. Алыстан башкаруунун буйруктарынын уккулуктуу ырастоосу жок болсо же
сигналды берүү белгиси өчүп калса, батарейкаларды алмаштырыңыз.
5. ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Шайманды тейлөөдөн мурун электр тармагынан ажыратып
коюңуз.
ИЧКИ БЛОКТУН АЛДЫҢКЫ ПАНЕЛИН ТЕЙЛӨӨ
Шайманды кылдаттык менен сактоо жана өз убагында тазалоо анын иштөө
мөөнөтүн узартып, энергияны үнөмдөөгө жардам берет.
Тазалоодо төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:
– шайманды аарчып жатканда, туруктуу жерде туруңуз, болбосо кулап
кетсеңиз, шайманды бузуп же өзүңүзгө зыян келтиришиңиз мүмкүн;
– алдыңкы панелди алып жатканда жаракат албаш үчүн, корпустун темир
бөлүктөрүнө тийбеңиз;
– шаймандын алдыңкы панелин жана пультту тазалап жатканда, кирди кур-
гак чүпүрөк менен тазалоого мүмкүндүк болбосо, ным чүпүрөктү колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Шайманды жана алыстан башкаруу пультту суунун агымынын астында
жуубаңыз!
2. Тазалоо үчүн курамында спирт бар суюктуктарды, бензинди, майларды
жана жылтыратуучу заттарды колдонбоңуз.
3. Алдыңкы панелдин бетине катуу басым жасабаңыз, анткени ал түшүп ке-
тиши мүмкүн.
4. Шаймандын корпусунун бетине доо кетпеши үчүн, тазалоо үчүн абразивдүү
каражаттарды же болоттон жасалган губканы колдонбоңуз.
5. Суунун температурасы 45 °С дан ашпашы керек. Бул деформациянын же
пластиктин түсүнө өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
АБА ЧЫПКАНЫ ТАЗАЛОО
1. Алдыңкы панелди аягына чейин көтөрүп, андан кийин аба чыпкасынын чы-
гып турган бөлүгүн көтөрүп, алып салыңыз.
2. Чыпканы чаң соргучтун жардамы менен тазалаңыз же суу менен жууп
салыңыз. Чыпка аябай булганган болсо, анда аны жумшак жуугуч каражат
кошулган жылуу суу менен жууп салыңыз. Көлөкөлүү жерде чыпканы жак-
шылап кургатыңыз.
3. Чыпканы ордуна орнотуңуз жана алдыңкы панелди жаап коюңуз.
ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Сезондун аягында
Төмөнкү иш - чараларды жүргүзүш керек:
– сплит-тутумду «Желдетүү» режиминде узак убакытка күйгүзүңүз;
– андан кийин шайманды тармактан ажыратып туруңуз;
– аба чыпканы тазалаңыз;
– ички жана тышкы блокторду жумшак кургак кездеме менен аарчып салыңыз;
– алыстан башкаруу пульттан батарейкаларды чыгарып салыңыз.
Сезондун башында
Төмөнкү иш - чараларды жүргүзүш керек:
– ички жана тышкы блоктордун аба соруучу жана чыгуучу жерлери тосулуп
калбагандыгына көз салыңыз;
– тышкы бөлүктө дат жоктугун текшерип алыңыз;
– аба чыпканын тазаландыгын текшериңиз;
– шайманды электр тармагына туташтырыңыз;
– пультка батарейкаларды орнотуңуз.
6. МҮМКҮН БОЛГОН БУЗУУЛАР ЖАНА АЛАРДЫ ЖОЮУ ЫКМАЛАРЫ
Прибор куйбөй
жатат
Тармакка туташууну текшериңиз. Коргоочу аспап иш-
теп кетти, кондиционерди 3 мүнөттөн кийин күйгүзүп
көрүңүз. Төмөн же жогору тармак чыңалуу. Текшерип
көрүңүз, таймер иштөөсү коюлуп калган чыгар
Кондиционер
башкаруу пульттан
келген буйруктар-
га жооп бербей
жатат
Балким, бул электромагниттик интерференциянын
таасири. Кондиционердин электр кубаттосун өчүрүп
көрүңүз, 1 мүнөттөн кийин кайра күйгүзүп көрүңүз.
Пульт сигналдын чегинде экенине ынаныңыз. Пуль-
ттун батареяларын текшерип көрүңүз, керек болсо,
аларды алмаштырып коюңуз. Пульт жаракат албага-
нын текшериңиз
Ички блоктон суу
агып жатат
Бул тышкы блоктун жылуулук алмаштыргычынан
конденсация, жылытуу режиминде иштегенде же
эритүү режими иштегенде пайда болот. Туура эмес
иштөө деп эсептелинбейт
Иштетүү режим-
дерди которгондо
кечигүү
Иштөө учурунда иштетүү режимдерин өзгөртүү 3
мүнөткө чейин созулушу мүмкүн
Ички блоктон
чыртылдаган үн
угулуп жатат
Температуранын өзгөрүшүнөн улам шайманын
алдыңкы панелинин жана башка бөлүктөрүнүн
кеңейишинен же кысылышынан пайда болгон сыды-
рым үн (туура эмес иштөө болуп эсептелинбейт)
Муздатуу же ысы-
туу натыйжалуу-
лугу төмөндөгөн
Белгиленген максаттуу температуранын туура
экендигин текшериңиз. Ички блоктун кирүүчү жана
чыгуучу тешиктери тосулбагандыгын текшериңиз.
Аба чыпкасынын, жылуулук алмаштыргычтын жана
үйдүн ичиндеги желдеткичтин тыгылып калуу да-
ражасын текшерип, керек болсо тазалаңыз. Жылуу/
муздак абанын ачык терезеге же эшикке чыкпага-
нын текшериңиз. Желдеткичтин ылдамдыгы туура
коюлганын текшериңиз. Сырткы жогорку темпера-
турада, муздатуу жетишсиз болушу мүмкүн. Сырткы
төмөнкү температурада, жылытуу көрсөткүчү же-
тишсиз болушу мүмкүн. Бөлмөдө кошумча жылуулук
булак болгонун текшериңиз
Жылытуу режимин
күйгүзүүдө
кечигүү
Берилген 2 ден 5 мүнөткө чейин кечигүү ички блок-
тун жылуулук алмаштыргычын жылытыш үчүн керек.
Бузулуу эмес
Бөтөн жыттын
пайда болуусу
Кондиционер тамеки түтүнү, атыр, эмерек ж.б. сы-
яктуу үйдүн ичиндеги жагымсыз жыттарды күчөтөт.
Эгер жыт көпкө чейин кетпей жатса, тейлөө борбо-
руна кайрылыңыз
Ички блоктон
аккан же быркыл-
даган суунун үнү
чыгып жатат
Үндөр муздатуучу түтүктөрдөн агып, ички блоктун
ичинде кайнап жаткандыктан келип чыгат. Туура
эмес иштөө деп эсептелинбейт
Ички блоктон ал-
сыз меха никалык
үн угулуп жатат
Ички блоктун вентиляторун күйгүзүп/өчүргөндө үн
чыгат. Туура эмес иштөө болуп эсептелинбейт
Ички блоктон
ышкырык үн
чыгып жатат
Үн муздаткычтын агымы өзгөргөндө пайда болот.
Туура эмес иштөө деп эсептелинбейт
Ички блоктун
өңүнүн алмашуусу
Ар кандай факторлордун таасири астында (мисалы,
ультрафиолет нурлануусу, температура ж.б.) пласти-
калык корпустун түсү өзгөрүшү мүмкүн, бул шайман-
дын функционалдык мүнөздөмөсүнө таасир этпейт.
Кемчилик болуп эсептелинбейт