467
Кыргызча
- Батарейкалардын ачып салынгандан кийин
кокустан кыска туташуусунан этият болууга,
батарейка терминалдары метал нерселерге
(мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө
аракет кылыңыз.
- Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар
колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман
тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра
иштетүү бөлүмүн караңыз.
Электрмагниттик талаалар (ЭМТ)
Philips компаниясынын бул Philips шайманы
электрмагниттик талаалардын таасири боюнча
бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга
жооп берет.
Радио жабдууларынын директивасы
Ушуну менен Philips радио жыштык интерфейси
менен жабдылган (Bluetooth® же BrushSync) электр
тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасына ылайык
келерин жарыялайт.
- Bluetooth радио жыштыгы: 2.4 GHz
- Bluetooth радио жыштыгынын максималдуу
кубаты: 3 dBm
- NFC радио жыштыгы: 13.56 MHz
- NFC радио жыштыгынын максималдуу кубаты: -26
dBm
ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти
төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:
www.philips.com/support
Колдонуу багыты
Sonicare for Kids - Үй жаныбары бар жасалгасы менен
электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак
калдыктарынан арылууга жана тишке зыян
келтирилишин азайтып, ооздун саламатын
жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого
арналган. Sonicare for Kids - Үй жаныбары бар
жасалгасы менен электр тиш щеткалары жеке
колдонууга гана арналган. Балдар чоң кишилердин
көзөмөлү астында колдонушу керек.