31
индикатору көк түстө күйүп, үлпүлдөп турат.
Бойлердеги суу кайнаганын күтүңүз, жарык
индикатор туруктуу түрдө күйөт.
• Сууну кол берүүсүнүн баскычын (10) « »
басыңыз, ошондо помпа 3 секунда
иштеп, тыныгуудан кийин помпа иштеп,
суу үзгүлтүксүз берилип турат. Чыны суу
менен толтурулганда, (10) «
» баскычын
кайрадан басып суу берүүнү токтотуп,
чыныдагы сууну төгүп алыңыз.
• Чынынын көлөмүнө карата бул процедураны
бир нече жолу өткөзүңүз, ошондон кийин
бойлер жуулган болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында
чыпка кармагычты (7) чечүүгө тыюу
салынат.
– Чыпка кармагычты (7) чечүү үчүн
кармагычтын туткасын сол жака
токтогонуна чейин «
» бурап,
кармагычты (7) чечиңиз.
Капучинатор түтүкчөнү (4) тазалоо
• Идиште (2) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
• Капучинатор түтүкчөнүн (4) астына
ылайыктуу чыныны коюңуз.
• (13) « » баскычын басып кофе кайнаткычты
иштетиңиз.
• Буу берүү баскычын (9) « » басыңыз,
ошондо жарык индикатору кызыл болуп
күйүп, үлпүлдөп турат, жарык индикатору
үлпүлдөбөй, туруктуу түрдө күйгөнүн
күтүңүз.
• Буу берүүнүн жөндөгүч туткасын (3)
«OFF--- +» акырын бураңыз, буу капучинатор
түтүкчөнүн (4) учунан (5) чыгып баштайт,
чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз, 10-15 секундадан кийин жөндөгүч
туткасын (3) «OFF» абалына коюуңуз.
• (13) баскычын « » басып, кофе
кайнаткычты өчүрүңүз.
• Түпкүчтүн панжарасын (6) чечип, түпкүчтөгү
сууну төгүп, аны ордуна орнотуңуз,
панжараны (6) орнотуңуз.
• Кофе кайнаткыч кофе кайнатууга даяр.
ЭСПРЕССО КОФЕНИ ЖАСОО
• Идишин (2) чечип, аны «МАХ» белгисине
чейин суу менен толтуруп, ордуна орнотуңуз.
Идиштеги (2) суу «MIN» белгисинен төмөн
болбогонун байкап туруңуз, идишке (2)
сууну мезгилдүү түрдө куюп туруңуз.
• Тарттырылган кофени чыпкага (15) салып,
өлчөмдүү кашыгын пайдаланыңыз (16),
өлчөмдүү кашыктын (16) арды жагы менен
кофени бир аз дыгыздатып алыңыз.
• Чыпка кармагычын (7) ордуна орнотуңуз.
Чыпка кармагычтагы (7) чыгып турган
жерлери бойлердеги оюктары «
»
менен дал келүү мүмкүн, андан соң чыпка
кармагычтын (7) туткасын «
» токтогон
жайына чейин оң жака бураңыз.
• Чыныны түпкүчтүн панжарасына (6) коюңуз.
• Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
• (13) « » баскычты басып кофе кайнаткычты
иштетиңиз, ошондо үн белгиси чыгып, жарык
индикатору көк түстө күйүп, үлпүлдөп турат.
• Бойлердеги суу кайнаганын күтүңүз, жарык
индикатор туруктуу түрдө күйөт.
Эскертүү: - колдонулган чыныларды алдын
ала жылытуу зарыл, ал үчүн чыныларды
жылытуу аянтчасына (14) коюңуз, бойлердеги
суу жылып турганда, аянтча (14) дагы жылып
туруп, чынылырды жылытат.
– Бир порция эспрессо кофени жасоо үчүн
(12) «
» баскычты басыңыз, ошондо
помпа кофени алдын ала нымдатуу үчүн
3 секунда иштеп, тыныгуудан кийин помпа
15 секунданын ичинде иштейт, суу берүү
токтогондун алдында үн белгилер чыгат.
– Эспрессо кофенин эки кат порциясын
жасоо үчүн (11) «
» баскычын басыңыз,
ошол учурда (6) панжарага көлөмү
чоңураак болгон чыныны же эки майда
чыныны коюңуз. (11) баскычты басканда,
помпа кофени алдын ала нымдатуу үчүн
3 секунда иштеп, тыныгуудан кийин помпа
30 секунданын ичинде иштейт, суу берүү
токтогондун алдында үн белгилери пайда
болот.
– Кофени кол менен даярдоо үчүн сууну
берүүчү «
» баскычын (10) басыңыз,
ошондо помпа 3 секунда иштеп, тыныгуудан
кийин помпа иштеп, суу үзгүлтүксүз берилип
турат. Чыны даяр кофе менен толгондо,
(10) «
» баскычты кайрадан басып, суу
берүүсүн токтотуңуз.
Эскертүү:
– эспрессо кофени даярдоо убагында
даярдоону токтотуу зарылдыгы бар
болсо, (11 «
» же 12 « ») баскычты
кайрадан басыңыз;
– кофени 2-3 минут интервалдан кийин
кайра кайнатуу рекомендацияланат;
IM VT-1508.indd 31 28.05.2019 14:44:05