EasyManua.ls Logo

COOLFORT CF-3003 - Page 20

COOLFORT CF-3003
24 pages
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
20
КЫРГЫЗ
бөлүктөрү таза жана кургак болгонун текшерип
алыңыз.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган
турбо-щетканы (7) тазалоо
Щетканын (7) тазалыгын сактап, кирделгенинде щетканы
(7) чечип, кылдуу валигин тазалап туруңуз.
•
Бекитме баскычын (6) басып, электр щетканы (7)
узарткыч түтүкчөдөн (5) чечиңиз.
•
Айланган щетканын валигинин бекитмесин сыртка
жылдырыңыз.
•
Кылдуу валикти чыгарып, анын үстүнө оролуп калган
жип менен чачты кетириңиз.
•
Щетканын (7) корпусунун ички менен тышкы бетин
чаң менен таштандылардан тазалап алыңыз.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган
турбо-щетканы (7) кураштыруу
•
Валиктин оң жагын корпустун ичине орнотуңуз.
•
Валиктин сол жагын ордуна орнотуңуз. Айлануу щет-
канын валиктин бекитмесин толугу менен киргизиңиз.
•
Валик бекем бектитилгенин текшерип алыңыз.
Чаң соргучтун корпусун тазалоо
•
Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу жумшак
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүп туруңуз.
•
Чаң соргучтун корпусун, щеткасын (7), аккумуля-
тордук батареясын (14) жана азык булагын сууга же
башка суюктукка батырбаңыз. Чаң соргучтун корпу-
су менен щетканын (7) ичине суу куюлганына жол
бербеңиз.
•
Чаң соргучтун корпусу менен болгон бөлүктөрүн таза-
лоо үчүн эриткичтерди же абразивдүү жуучу каражат-
тарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып салуудан
мурда анын корпусун, чаң топтогуч контейнери (9)
менен электр щеткасын (7) тазалап алыңыз.
•
Чаң соргучту көпкө чейин сактоонун же утилиза-
циялоонун алдында аккумулятор батареясын (14)
чыгарыңыз, бекитүү шурупту бурап чечип, аккумуля-
тор батареянын (14) бекитмелерин басыңыз.
•
Түзмоктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген
адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Чаң соргуч (чаң топтогуч контейнери
орнотулган) – 1 даана.
Узарткыч түтүкчө – 1 даана.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган
турбо-щетка – 1 даана.
1-де-2 жылчык саптама – 1 даана.
Чаң соргучтун дубалдагы кармагычы – 1 даана.
Азыктандыруу сапсалгысы – 1 даана.
Колдонуу нускамасы – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Чаң соргуч
Электр азыктандыруу: Аккумулятор батареясы
Li-ion 22,2 В 2200 мАс 48,84 Втч
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 250 Вт
Кириш чыңалуусу: 26 В 0,5 А
Сиңирүүнүн кубаттуулугу: 15 кПа чейин
Аккумуляторду: кубаттандыруу мөөнөтү 4-5 саат
Щётка
Электр азыктандыруу: 22,2 В
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 10 Вт
Азыктандыруу сапсалгысы
Электр азыктандыруу: 100-240 В ~ 50/60 Гц 0,5 А
Чыгуучу чыңалуусу: 26 В 0,5 А 13,0 Вт
Кесүү жадыбал: SAW15A-260-0500GD
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен
азыктандыруучу элементтердин (эгерде топтомго кирсе)
кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик
калдыктары менен бирге таштабаңыз, шайман менен
азыктандыруучу элементти андан ары утилизациялоо
үчүн адистештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон калдык-
тарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң белгиленген
жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча маа-
лымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-тирчилик
калдыктарды утилизациялоо кызматына же бул шайман-
ды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принципте-
рине таасир этпеген дизайнин, конструкциясын жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен шайман
менен колдонмонун арзыбаган айырмалар болуу мүмкүн.
Колдонуучу ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө info@coolfort.ru электрондук почтасына жазып,
шаймандын жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү үч жылдан кем эмес.
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар
буюмду саткан сатуучудан алууга болот. Кепилдик шарт-
тарына ылайык талап кылып сатылган товарга чек же
дүмүрчөктү көрсөтүү керек.

Related product manuals