43
•
Электр шнурун:
–
ысык буюмдарга же беттерге тийгизбей,
–
сууга салбай,
–
учтуу кырлардын үстүтнөн тартпай,
–
шайманды көтөрүү үчүн тутка катары пайдаланбаңыз.
•
Чач кыркуу үчүн аспап кесиптик колдонуу үчүн арналган
эмес.
•
Шайманды табигый адам чачын кыркуу үчүн гана
колдонуңуз, чач кургак болу зарыл.
•
Шайманды жасалма чачты жана жаныбар жүнүн кыркуу
үчүн колдонууга тыюу салынат.
•
Жыйынтыгына кирген насадкаларын гана пайдаланыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Чач кыркуу үчүн аспапты,
электр шнурун, кубаттануучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат. Аспаптын миздерин
суу агымынын астында жууганга тыюу салынат.
•
Иштеп турган шаймандын корпусун жана электр шнурун
суу колуңуз менен тийбеңиз.
•
Шайманды турак жайлардын сыртында колдонууга
тыюу салынат.
•
Шайманды температурасы жогору же салыштырмалуу
нымдуулугу 80% ашык болгон жерлерде колдонбоңуз.
•
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил жалындап
кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде колдонбоңуз.
•
Суу толтурулган ванна же раковинанын жанында
аспапты сактабаңыз.
•
Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана шайманды
суудан чыгарсаңыз болот.
•
Насадкалары же миздери бузулган аспапты колдонууга
тыюу салынат.
•
Ар колдонуудан кийин насадкалары менен миздерин
кыл калеминин жардамы менен кыркылган чачтан
тазалаңыз.
•
Миздер таза болгонун жана малоочу майы бар болгонун
байкап туруңуз.
•
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз калтырбаңыз.
•
Колдонуу арасындагы тыныгууларда же колдонбой
турганда аспапты өчүрүп туруңуз.
•
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
•
Иштеп турган шаймандын корпусун жана электр шнурун
тийүүгө балдарга уруксат бербеңиз.
•
Шайманды иштетип турганда жана иштетүү циклдардын
арасында шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн адамдар жетпеген жерлерде сактаңыз.