25
БУУ СТАНЦИЯСЫ VT-2433
Түзмөк буу менен, кургак үтүктөөгө жана кийим-
дерди, кездемелерди вертикалдуу бууга кармоого
арналган.
СЫПАТТАМА
1. Буу станциясынын базасы
2. Суу үчүн чукур
3. Суу үчүн чукурдун бекитмеси
4. Үтүктүн бекитмеси
5. Үтүктүн бекитмесин тосмосун чечүү баскычы
6. Инкациялоо панели
7. Башкаруу баскычы
8. Буу берүүнүн баскычы
9. Үтүктүн кармагычы
10. Туташтыруучу ийкем түтүктүн коргоосу
11. Туташтыруучу ийкем түктүктү төшөө үчүн орун
Индикациялоо панели
12. Азыктанууну берүү индикатору
13. Төмөн суу деңгээлинин индикатору
14. Өзүн-өзү тазалоо индикатору
15. Температуранын/буу берүүнүн индикатору
Көңүл буруңуз!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында по-
тенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган
коргоп өчүрүүчү аспабын орнотулушу максат-
ка ылайыктуу, аспапты орнотуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Буу станциясын пайдалануудан мурун колдонмону
көңүл коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап
алыңыз.
Түзмөктү түздөн-түз арналышы боюнча гана, ушул
колдонмодо баяндалганга ылайык колдонуңуз.
Түзмөктү туура эмес пайдалануу анын бузулуусу-
на, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
• Шайманды иштеткенден мурун шайман-
дын иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
• Тармактык шнуру «европалык айрысы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүүнүн контакты
бар электр розеткасына туташтырыңыз.
• Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
• Электр тармагына күч келип кетпеши үчүн
электр кубатын көп керектеген бир нече шай-
манды бир эле маалда сайганга болбойт.
• Түзмөктү орунжайлардын сыртында колдонбоңуз.
• Шайманды жеңил жалындап кетүүчү суюк-
туктар сакталган же колдонулган жерлерде
колдонбоңуз.
• Буу станциясын тегиз, туруктуу беттин үстүнө
орнотуңуз; түзмөктү үтүктөө тактайына орнот-
уудан мурун ал туруктуу жана бекем турганын
текшерип алыңыз.
• Шайманды колдонуунун алдында электр шну-
рун, буу ийкем түтүгүн көңүл буруп изилдеп,
бузулуулары жок болгонун текшерип алыңыз.
Электр шнурунун же буу ийкем түтүгүнүн бузу-
лууларын тапсаңыз, шайманды колдонбоңуз.
• Шайманды суу толтурулган идиштердин
жанында, ашкана раковинанын тикеден тике
жакынчылыгында же бассейндин жанында
колдонбоңуз.
• Түзмөк сууга түшкөн болсо, дароо тармактык
айрысын электр розеткасынан сууруп, андан
кийин гана түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот.
• Үтүктүн тармактык шнуру менен түтүгүн ысык
беттерге же эмеректин учтуу кырларына
тийгизбеңиз.
• Түзмөк электр розеткасына кошулган болгондо
аны кароосуз калтырбаңыз. Түзмөктү тазала-
ган жана колдонбогон учурларда аны ар дайым
электр тармагынан суруңуз.
• Буу станциясынын корпусуна, үтүккө, электр
шнуруна жана тармактык шнурдун айрысына
суу колуңуз менен тийбеңиз.
• Ток урбас үчүн буу станциясынын корпусун,
үтүктү, электр шнурун жана тармактык шнур-
дун айрысын сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Үтүктүн таманы жана буу
станциянын корпусунун өзүнчө бөлүктөрү иштөө
убагында ысыйт. Күйүк албоо үчүн дененин ачык
жерлерин ысык беттерге тийгизбеңиз, үтүктүн
таманынын тешиктеринен чыгып жаткан буу-
дан сак болуңуз.
• Суу куюлуучу чукурга жыттуу суюктуктарды,
сиркени, крахмал эритмесин, кебээрди
кетирүүчү реагенттерди, химиялык каражат-
тарды ж. б. куюуга тыюу салынат.
• Суу чукурун буу станциясынан чыгарганда,
түзмөктү өчүрүңүз, тармактык боонун сайгычын
электр розеткасынан суруңуз.
• Чыгып жаткан бууну адамга же жаныбарларга
багыттоого тыюу салынат.
• Үтүктүн тамандын бузулуусуна жол бербөө
үчүн металлдан жасалган сыдырмалары же
топчулары бар нерселерди үтүктөгөндө этият
болуңуз.
• Тыныгууларда үтүктү буу станциясына
орнотуңуз же үтүктү түбүнө коюңуз. Иштетип
бүткөндө үтүктү буу станциясынын аянтчасына
орнотуп, блокирлөө баскычын басып, аны беки-
тип алыңыз.
• Түзмөктү электр тармагынан суурганда аны
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, айрысынан
кармап розеткадан чыгарыңыз.
• Чукурдагы сууну түзмөктү өчүрүп, аны электр
тармагынан ажыраткандан кийин гана төгүңүз.
• Шайманды такай тазалап туруңуз.