14
- Радио жыштык диапазону FM 87,5-108 МГц
- Автоиздөө / Станцияларды сканерлөө
- MP3 форматты колдоо
- Камтылган эквалайзер (Поп/Рок/Классикалык)
- Тректи кайталоо / Тындыруу
- Тизмени кокустук ойнотмо
- Ар бир тректи 10 секунддан ойнотуу
- Жогорку жыштыктар менен бастарды жөндөө
- Жыштыктардын диапазону: 30 Гц - 10 кГц
- Стереоканалдардын ортосундагы өткөөл ажыроо: 30 дБ
ПАНЕЛЬ
- LED-дисплей (СТ-8107/8108/8115/8117/8118)
- LCD-дисплей (СТ-8109/8110/8111/8112/8113/8114/8116/8119/8120/8122)
- Баскычтардын астыңкы жарыгынын 7 түсү (СТ-8114/8115/8116/8117/8118/8120/8122)
- Алдыңкы панелдеги AUX-туташтыргыч
- Алдыңкы панелдеги USB-уяча (USB 2.0)
- Түзмөктөрдү кубаттоо үчүн алдыңкы панелдеги кошумча USB-уяча
(СТ-8117/8118/8119 моделдер үчүн)
- Флэш-ташыгычтарды колдоо 32 Гб га чейин
- FAT файлдык тутумун колдоо
- SD/MMC/TF эс тутум карталар үчүн уяча
- Bluetooth-башкаруу (СТ-8111/8112/8113/8114/8116/8118/8119/8122 моделдер үчүн)
- Үндүү жардамчы функциясы (СТ-8111/8112/8113/8114/8116/8119/8122 моделлер үчүн)
1. Режимдерди күйгүзүү/өчүрүү баскычы
2. Bluetooth - башкаруу (СТ-8111/8112/8113/8114/8116/8118/8119 моделдерде)
3. Радио диапазонунун которгучу
4. Радиону программалоо баскычтары / MP3 режимде орнотуунун баскычтары
5. «Андан ары» баскычы
6. LED/LCD дисплейи
7. ПДУ сигналдардын кабылдагычы
8. USB уячасы
9. AUX туташтыргычы
10. SD/MMC/TF уячасы
11. Диск жөндөгүч / Орнотуу Меню баскычы
12. «Кайтуу» баскычы
13. «Саат» баскычы (СТ-8111/8112/8113/8114/8119 моделдерде үндүү жардамчыны чакыруу баскычы)
14. Mute баскычы (СТ-8107 - моделде MODE - режимдерди которуу, СТ-8115
моделде - EQ
-
Эквалайзер, СТ-8122 моделде үндүү жардамчыны чакыруу баскычы)
15. Микрофон (СТ-8111/8112/8113/8114/8116/8118/8119/8122 моделдер үчүн)
16. Reset баскычы (орнотууларды баштапкы абалга келтирүү)
17. Түзмөктөрдү кубаттоо үчүн USB уяча (СТ-8117/8119/8122 моделдерде)
18. «Астыңкы жарыктын түсү баскычы» (СТ-8114/8118/8120 моделдерде)
19. Үндүү жардамчыны чакыруу баскычы (СТ-8116 моделде)
20. MOD баскычы (СТ-8122 моделде)
21. EQ баскычы (СТ-8122 моделде)
АЛЫСТАН БАШКАРУУ ПУЛЬТУ (СТ-8110/8113 МОДЕЛДЕР ҮЧҮН)
1. Күйгүзүү/Өчүрүү баскычы
2. Радионун каналдардын ортосунда которуу баскычтары
3. Туш келди тартипте ойнотуу
4. Орнотуулардын менюсу
5. «Кайтуу» баскычы
6. Үнүн азайтуу
7. Ойнотуу/Тындыруу
8. Режимдерди которуштуруу
9. Үнүн өчүрүү/күйгүзүү
10. Радио станцияларды сканерлөө
11. «Кайталоо баскычы»
12. Мурунку папка
13. Кийинки папка
14. Үнүн көбөйтүү
15. Радио станцияларын авто издөө
16. «Андан ары» баскычы
17. «Саат» баскычы
3. ТОЛУКТУК
1. Чогулган слайд - кронштейн менен корпус - 1 даана
2. Топтомдо келген батарейкасы (литий 3 В) менен алыстан башкаруу пульт -
СТ-8110/8113 моделдер үчүн - 1 даана
3. ISO - туташтыргыч - 2 даана
4. Монтаж үчүн илгич - 2 даана
5. Колдонуучунун жетекчилиги - 1 даана
4. ЧОГУЛТУУ
- Консолду кармагычка орноткондон кийин, корпустун материалынын калыңдыгына жараша
ылайыктуу кыскычтарды тандап, аларды ичине бүгүп, консоль туура жайгаштырылгандыгын
текшерип алыңыз.
- Үстүңкү жана ылдыйкы кыскычтарды колдонуп, консолду мүмкүн болушунча бекем орнотуңуз.
Ишенимдүү болуш үчүн, аларды 90 градуска бүгүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
- Радиону акыркы орнотуудан мурун, электр зымдарын убактылуу туташтырып, шайман жана бүт
радио тутумунун талаптагыдай иштеп жаткандыгын текшериңиз.
- Туура орнотуш үчүн шайман менен чогуу келген гана аксессуарларды колдонуңуз. Башка аксес-
суарларды колдонуу шаймандын бузулуушуна себеп болушу мүмкүн.
- Орнотуу унаага тешиктерди бургулоо же башка алмашууларды талап кылса, дилериңизден
кеңеш алыңыз.
- Унаамагнитоланы айдоочуга тоскоол болбой жана капыстан токтоп калганда жүргүнчүлөр зыян
келбейт тургандай кылып орнотуңуз.
5. ИШТЕТҮҮ БАШКАРУУ
1. Режимдерди күйгүзүү/которуу баскычы
Шайманды күйгүзүш үчүн, баскычты басыңыз. Узак басууда шайман өчүп калат. Унаа магнитоласы
күйүп турганда, баскычты басуу ойнотуу режимдерин которууга мүмкүнчүлүк берет.
2. Bluetooth
Магнитоланы күйгүзгөндө Bluetooth режим автоматтык түрдө ишке кирет. MODE баскычын басып,
ВТ режимди тандаңыз. Bluetooth белгиси панелде өчпөй күйүп турат. Телефон менен ийгиликтүү
байланышкандан кийин, белгиси жаркылдабай калат. Bluetooth режиминде сиздин телефонуңуздагы
музыканы ойното аласыз.
- Чалууну кабыл алыш үчүн, «Телефонду көтөрүү» сүрөтчөсү бар баскычты басыңыз. Сүйлөшүүнү
аякташ үчүн, «Телефонду коюу» сүрөтчөсүн басыңыз.
3. Радионун диапазондорун которгучу
Радио режиминде, ушул баскычты колдонуп, FM1 - FM2 - FM3 иретиндеги тилкени тандаңыз. «Радио»
режиминде, баскычты басып, 3 секунд боюнча кармаңыз, радио жыштыгын жана радиостанци-
ялардын эң так сигналын издегенге. Бир издөө чөйрөсү бүтөөрү менен издөө аяктайт. Орнотуу
процессинен чыгыш үчүн баскычтарды 5 секунддан ашык баспай койсо жетиштүү.
4. Радиону программалоо баскычтары / MP3 режимде орнотуулардын баскычы.
- «Радио» режиминде, алдын ала коюлган радиостанцияны тандаш үчүн 1 ден 6 га чейинки
баскычты басыңыз. Номерди бир нече секунд боюнча басып туруңуз, тандалган радиостанция
берилген номерге кептелсин.
- MP3 режиминде баскычтардын функциялары төмөнкүдөй:
Play/Pause баскычы: берилген баскычты ойнотуу же тындыруу үчүн колдонуңуз.
INT баскычы: ойнотуу учурунда, INT баскычын басып, ташыгычтагы бардык тректердин биринчи
10 секундун ойнотуңуз (INTRO режими).
RPT баскычы: бардык ырларды кайталаш үчүн баскычты басыңыз.
RDM баскычы: ырларды туш келди тартипте ойнотуш үчүн баскычты басыңыз.
- 10 баскычы: кыска басуу - 10 ырды артка кайтарыш үчүн, узак басуу - папкадагы биринчи
ырга өтүш үчүн.
+ 10 баскычы: кыска басуу - 10 ыр алдыга которуу, узак басуу - папкадагы акыркы ырга өтүү.
5. «Андан ары» баскычы
MP3 режимде кийинки ырды ойнотуш үчүн, берилген баскычты басыңыз. Баскычты узак басуу тректи
алдыга түрдүрөт. «Радио» режиминде баскычты басуу кийинки радиостанцияны издөөгө алып келет.
6. LED / LCD дисплей
Радио толкунду жана флэш - ташыгычтын (USB/MMC/TF) ичиндегисин көрсөтөт.
7. Алыстан башкаруу пульттун сигналдарды кабылгыч (СТ-8110/8113 моделдерде). Алыстан башкаруу
пультту берилген кабылгычты көздөй багыттаңыз.
8. USB уячасы
Ичинде сакталган ырларды автоматтык түрдө ойнотуш үчүн USB флэш-картасын берилген уячага
киргизиңиз.