15
9. AUX туташтыргыч
Үн чыгаруучу түзмөктү AUX туташтыргычына туташтырып, AUX режимин тандаңыз - натыйжада,
сиздин түзмөгүңүз ойноп жаткан нерсе унаа динамиктери аркылуу ойнотулат.
10. Уяча SD/MMC/TF
Ичинде сакталган ырларды автоматтык түрдө ойнотуш үчүн эс тутум картасын берилген карта
окуу уячасына киргизиңиз.
11. Диск жөндөгүч / орнотуулар менюсунун баскычы
- Үнүн көбөйтүү же азайтуу үчүн, диск жөндөгүчтү бураңыз.
- Орнотуулардын менюсуна кириш үчүн, жөндөгүчтүн үстүн басыңыз: MP3 режиминде: Volume -
BASS
-
TREBLE
-
BAL
-
FAD
-
LOUND OFF/ON
-
Volume.
«Радио» режиминде: BAS
-
TRE
-
BAL
-
FAD
-
DX/LOC
-
VOL. Талап кылынган үн параметрлерин
орнотуш үчүн баскычты оңго же солго бураңыз.
- СТ-8111/8112/8113/8114/8119 моделдерде жөндөгүчтүн үстүн узак басуу экранда убакыт көрсөтүлөт.
Андан кийин кыска басуу убакытты орнотууга жол берет.
12. «Кайтуу» баскычы
MP3 режиминде мурунку ырды ойнотконго, берилген баскычты басыңыз. Баскычты узак басуу
тректи артка түрдүргөнгө алып келет. «Радио» режиминде баскычты басуу мурунку радиостан-
цияны издегенге алып келет.
13. «Саат» баскычы
Учурдагы убакытты көрүш үчүн баскычтын үстүн кыска басып туруңуз. Убакыт параметрлерин
өзгөртүш үчүн, дисплейдеги сандар жаркылдаганча баскычты көпкө чейин басып туруңуз. Убакытты
орнотуш үчүн (саат/мүнөт), (5) жана (12) баскычтарды колдонуңуз.
14. Mute баскычы
Берилген баскыч үндү өчүрөт/күйгүзөт.
15. Bluetooth режиминдеги микрофон телефон чалууга жана чалганды кабыл алууга мүмкүндүк
берет.
16. Reset баскычы
Орнотууларды баштапкы абалга келтирүү үчүн, ичке курч нерсе менен баскычты басып, кармап
туруңеуз.
17. Берилген USB уяча ар кандай мобилдик түзмөктөрдү (акылдуу телефон, планшет, видео жазгыч,
оюнчу ж.б. сыяктуу) кубаттоо үчүн арналган.
18. «Астыңкы жарыктын түсү» баскычы
Унаа магнитоланын баскычтарынын астыңкы жарыгын алмаштыруу үчүн басыңыз.
19. Үндүү жардамчыны чакыруу баскычы
СТ-8111/8112/8113/8114/8116/8119/8122 моделдерде Bluetooth режимде иштеп турган телефондо үндүү
жардамчыны чакырууга мүмкүнчүлүк берет.
MP3 ИЧИНДЕГИ USB/SD/MMC/TF ФАЙЛДАРДЫ ОЙНОТУУ
1. Максималдуу сыйымдуулугу 32 Гб болгон SD/MMC/TF эс тутум карталарын колдойт.
ЭСКЕРТҮҮ:
- SD эс тутум карталарын башка түзмөктөр менен иштеп чыгуу жана алмашуу протоколдорун
үзгүлтүксүз өркүндөтүп туруу менен, шаймандын бардык SD карталар менен толук шайкештиги
кепилденбейт.
- Колдоого алынган картанын көлөмү өндүрүүчүнүн фирмасына көз каранды.
- Экөөнү бирден эс тутум картасын колдоого кепилдик жок.
2. USB флэш - картасын колдоо. USB флэш - картасын максималдуу көлөмү - 32 Гб.
ЭСКЕРТҮҮ:
- USB - түзмөктөрдүн баардыгы берилген шайманга шайкеш келбеши мүмкүн, анткени учурда ар
кандай өндүрүүчүлөрдүн USB - түзмөктөрүнүн иштеши үчүн көптөгөн стандарттар бар.
3. FAT файл тутумун колдоо.
4. Сырткы катуу дисктерди (USB HDD) колдоого кепилдик жок.
6. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Жалпы
- Камсыздоо: 12 В (уруксат берилген диапазон 11-15 В)
- Жер тутуму: терс уюл
Өлчөмдөр
- Орнотуу өлчөмдөрү: 188×58×11 мм (1 DIN)
- USB/SD/MMC/TF
- USB стандарты: 2.0
- Файл тутуму: FAT
- Файлды чечмелөө форматы: MP3
- Маалыматтарды берүү ылдамдыгы: 8-320 кбит/с
- Түзмөктөрдү кубаттоо үчүн USB-уяча
- Ток күчү: 3 А
- Чыңалуу: 0,8-25 В
Күчөткүч
- Максималлуу чыгуучу кубаттуулук: 4×50 Вт
- Номиналдуу чыгуучу кубаттуулук: 4×25 Вт
- Каршылык: 4 Ω (4 Ω дан 8 Ω чейин уруксат берилет)
- «Ызы-чуу» мамиле: 55 дБ ашык
- Кайталануучу жыштыктар диапазону: 30 Гц - 10 кГц
Тюнер (радио)
- Радио жыштыктар диапазону: 87,5 мГц - 108 мГц
- «Ызы-чуу» мамиле: 45 дБ ашык
7. АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ШАЙМАНДЫ УТИЛЬДЕШТИРӨӨ
Кутусу жана шайман өзү кайра иштетилүүчү материалдардан жасалган. Мүмкүн болушунча аларды
кайра иштетилүүчү материалдар үчүн жасалган идишке таштаңыз.
8. КҮБӨЛҮК ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ, КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ
Бул өнүмдүн иштөө мөөнөтү акыркы колдонуучуга сатылган күндөн баштап 5 жыл түзөт, шайман
ушул эксплуатациялык көрсөтмөлөргө жана колдонулуп жаткан техникалык стандарттарга
ылайык так колдонулса. Шаймандын чыгарылган күнү катардагы номерде көрсөтүлөт (2 жана
3 белгиси – жылы, 4 жана 5 белгиси – өндүрүш айы). Шайманды тейлөө боюнча суроолор пайда
болгондо же шайман бузулган учурда, TM CENTEK ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Дарегин https://centek.ru/servis сайтынан тапсаңыз болот. Колдоо кызматы менен байланыш
жолдору: тел.: +7 (988) 24-00-178, VK: vk.com/centek_krd. ООО «Ларина-Сервис» башкы тейлөө
борбору, Краснодар шаары. Телефон.: +7 (861) 991-05-42.
Өнүмдүн шайкештик сертификаты бар:
№ ТС RU C
-
CN.ЫЖ01.В.00723 от 03.09.2018 ж.
Өнүмдүн шайкештик декларациясы бар:
РОСС RU Д
-
CN.РА01.В.68688/21 от 25.02.2021 ж.
9. ӨНДҮРҮҮЧҮ ЖАНА ИМПОРТТОЧУ ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ
Импортточу: ИП Асрумян К. Ш. Дарек: Россия, 350912, г. Краснодар,
пгт. Пашковский, ул. Атамана
Лысенко, 23. Тел.: +7 (861) 2-600-900.
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ
Бардык түзмөктөрдүн кепилдик мөөнөтү акыркы керектөөчүгө сатылган күндөн баштап 12 ай.
Ушул
кепилдик купону менен өндүрүүчү бул шаймандын жарактуу экендигин ырастайт жана
өндүрүүчү
тарабынан келип чыккан бардык бузууларды акысыз жоюу милдетин алып жатат.
КЕПИЛДИК ТЕЙЛӨӨ ШАРТТАРЫ
1. Кепилдик каттоонун төмөнкү шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• баштапкы өндүрүүчүнүн кепилдик баракчасын туура жана так толтуруу, модельдин атын көрсөтүү,
модельдин сериялык саны, сатылган күнү жазылса, ар бир кепилдик талонунда сатуучу фирманын
штампы, сатуучу фирманын өкүлунүн колу бар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, же алардагы маалыматтар толук эмес,
окулбай турган, карама каршы келген учурда, өндүрүүчү кепилдик кызматынан баш тартууга укуктуу.
2. Кепилдик төмөнкү иштөө шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• шаймандын колдонуу көрсөтмөсүнө ылайык так колдонуу;
• эрежелерди жана коопсуздук талаптарын сактоо.
3. Кепилдик мезгил-мезгили менен техникалык тейлөө, тазалоо, орнотуу, шайманды ээсинин үйүндө
жөндөө камтылбайт.
4. Кепилдикке кирбеген учурлар:
• механикалык зыян;
• шаймандын табигый эскириши;
• иштөө шарттарын сактабоо же ээсинин туура эмес аракеттери;
• туура эмес орнотуу, ташуу;
• табигый кырсыктар (чагылган, өрт, сел ж.б.), ошондой эле сатуучуга жана өндүрүүчүгө тийешеси
болбогон башка себептер;
• шаймандын ичине бөтөн заттардын, суюктуктардын, курт-кумурскалардын кирип кетиши;