63
Суюктуктарды тазалоо шарттамы
• Колдонуудан мурун, чаң соргучту чогултуу учу-
рунда суюктуктарды тазалоо шарттамы боюн-
ча көрсөтмөлөргө ылайык иш кылганыңызга
ынаныңыз.
• Чаң соргучтун азык кабелинин керектүү узун-
дугун сайгычтан кармап сууруп чыгып, аны
электр розеткасына туташтырыңыз.
Эскертүү: Азык кабелин андагы сары белгиден
ары тартпаңыз. Азык кабелин кызыл белги-
ден ары тартса, кабелди автоматтык түрдө
түрүү тутумуна зыян келтириши мүмкүн.
• Беттин үстүндөгү суюктуктарды чогултуу үчүн,
телескопиялык түтүккө (27) суюктук чогултуучу
саптаманы (29) орнотуңуз.
• Чаң соргучту иштетүү үчүн (9) баскычын
басыңыз.
• Жөндөө баскычындагы суюктуктарды тазалоо
шарттамында (8) максималдуу соруу кубатту-
лугун коюңуз.
• Саптаманын (29) резина айдагычтарын суюк-
тук алынып салынышы керек болгон жертаман-
дын ошол бетине бекем басыңыз. Саптаманы
тазалана турган беттин үстүндө акырындык
менен жылдырып туруңуз.
• Суюктукту натыйжалуу чогултуу үчүн, саптама-
нын оптималдуу бурчун табыңыз.
• Чаң соргучтун жардамы менен жерге төгүлгөн
сууну, ширелерди ж.б. чогултуу үчүн пайдала-
нылышы мүмкүн. Эч качан чаң соргучту идиш-
тен суу сордуруу үчүн колдонбоңуз, суюктукту
чогултуу үчүн иштеп жаткан саптаманы суусу
менен идишке батырбаңыз.
• Эгерде чаң соргучтун соруу кубаттуулугу азай-
са, суюктукту чогултуп, аны өчүрүп, электр
тармагынын розеткасынан ажыратыңыз.
Чогулткуч идиштин (4) толтурулганын
текшериңиз, анткени топтогуч идиш «FULL»
(1,6 л.) белгисине толгондо эле соргуч авто-
маттык түрдө өчөт.
ТЕЙЛӨӨ
Топтогуч идишти тазалоо
Көңүл буруңуз! Өрт, электр тогу же жаракат алуу
коркунучун азайтуу үчүн, кам көрүүдөн, тазало-
одон же көйгөйлөрдү чечүүдөн мурун, ар дайым
чаң соргучту электр тармагынын розеткасынан
ажыратыңыз.
Тез тазалоо
1. Чаң соргучун өчүрүп, электр тармагынын
розеткасынан ажыратыңыз. Коннектордун
(14) каалаган жагын басып, суюктук берүүчү
түтүктү (13) ажыратыңыз (F1 сүр.).
2. Чаң соргучтан ийилгич ийкем түтүктү (6)
ажыратыңыз.
3. Чаң соргучтун үстүнкү капкагын (15) ачыңыз
жана аны ордуна бекитилгенге чейин верти-
калдуу абалга көтөрүңүз.
4. Сепараторду чогулткуч идиштин үстүнкү кап-
кагынан (4) алыңыз (F2 сүр.) жана таза агын
суунун астында жууп, кургатыңыз.
5. Чогулткуч идишти (4) көтөрүңүз жана аны чаң
соргучтан чыгарыңыз (F3 сүр.).
6. Чогулткуч идиштин (4) капкагын чечиңиз жана
аны четке коюп коюңуз (F4 сүр.).
7. Чогулткуч идиштин (4) ичиндегини төгүп
салыңыз.
8. Чогулткуч идишти (4) жакшылап таза суу
менен жууңуз жана кургатыңыз.
9. Тийиштүү түрдөгү сепараторду чогулткуч
идиштин (4) капкагынын оюкчасына орнотуңуз,
капкакты чогулткуч идишке (4) коюп, аны чаң
соргучка орнотуңуз.
10. Бекиткич чыкылдаганга чейин чаң соргучтун
үстүнкү капкагын (15) бекем жабыңыз.
11. Ийилгич ийкем түтүктү (6) жана суюктук
берүүчү түтүктү (13) орнотуңуз.
Ар бир колдонуудан кийин толук
тазалоо керек
• Мурдагы «тез тазалоо» бөлүмүндө (1-8 пун-
кттар) берилген көрсөтмөлөрдү аткарып, андан
кийин төмөндөгү көрсөтмөлөр боюнча аракет-
терди улантыңыз.
• Чогулткуч идиштен (4) НЕРА-чыпканы
чыгарыңыз (G1 сүр.) жана аны таза агып
жаткан суу менен жууп салыңыз. НЕРА-
чыпканы бөлмө температурасында кургатуу
үчүн калтырыңыз, андан кийин аны өз орду-
на туура орнотуңуз. Өтө толуп калган учур-
да пайдаланылган НЕРА-чыпканы жаңыга
алмаштырыңыз.
• Чогулткуч идиштин (4) капкагынан калкыма
билдиргичтин модулун чечиңиз. Ал үчүн анын
корпусун саат жебесине каршы буруңуз, аны
чогулткуч идиштин капкагынан ажыратыңыз
жана өзүңүзгө карай тартыңыз (G2 сүр.).
• Калкыма билдиргичтин корпусунан калкыманы
чыгарыңыз (G3 сүр.).
• Кезек тазалоо чыпкасын чогулткуч идиш-
тин капкагынын ички жагынан алып салыңыз
(G4 сүр.).
• Калкыманы жана кезек тазалоо чыпкасын, таза
агын суунун астында жууп, бөлмө температу-
расында кургатыңыз.
• Үстүнкү капкактын орнотуу тешигине кезек та-
залоонун кургак чыпкасын орнотуңуз.
• Калкыманы калкыма билдиргичинин корпу-
суна түшүрүңүз. Чогулган түймөктү сааттын
жебеси боюнча буруп, капкактын ичине кайра
бекитиңиз.