EasyManua.ls Logo

Vitek VT-1830 - Page 64

Vitek VT-1830
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
64
КЫРГЫЗ
Чогулткуч идиштин (4) капкагына сепаратордун
керектүү түрүн бекитиңиз.
Чогулткуч идишти (4) капкак менен жаап кайра
чаң соргучка орнотуңуз.
Бекиткич чыкылдаганга чейин чаң соргучтун
үстүнкү капкагын (15) бекем жабыңыз.
Ийилгич ийкем түтүктү (6) жана суюктук
берүүчү түтүктү (13) орнотуңуз.
Эскертүү: Эгерде кургатылган булагыгчтар
чогулткуч идиштин (4) алыскы камерасында
пайда боло баштаса, адегенде жай жана эти-
яттык менен идиштен булганган сууну чыга-
рып, андан кийин гана камеранын дубалдарынан
кургак кирди алып салыңыз.
Сактоо үчүн чаң соргучту ажыратуу
жана даярдоо
Көңүл буруңуз!
Өрт, электр тогу же жаракат алуу коркуну-
чун азайтуу үчүн, кам көрүүдөн, тазалоодон
же көйгөйлөрдү чечүүдөн мурун, ар дайым чаң
соргучту электр тармагынын розеткасынан
ажыратыңыз.
Чаң соргучтан суюктуктун агып кетүү
коркунучун азайтуу үчүн, аны тик абал-
да же чөйрөнүн температурасы 4°Cтан
төмөн түшүшү мүмкүн болгон бөлмөлөрдө
сактабаңыз. Болбосо, ал чаң соргучтун ички
бөлүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.
Чаң соргучту электр тармагынын розеткасы-
нан ажыратыңыз. Электр кабелинин сайгычын
кармап туруп, кабелди кайра чаң соргучка ороп
коюу үчүн баскычты (7) басыңыз. Кабелдин то-
лук оролушуна көңүл буруңуз.
Чаң соргучтун корпусундагы коннектордун (14)
каалаган жагын басып, түтүктү (13) коннектор-
дон (14) ажыратыңыз.
Чаң соргучтан ийилгич ийкем түтүктү (6)
ажыратыңыз. Ийилгич ийкем түтүктөн (6) ага
бекитилген бардык аксессуарларды алып
салыңыз. Ийилгич ийкем түтүктөн суу кал-
дыктары жертаманга агып кетпеши үчүн этият
болуңуз. Ийилгич ийкем түтүктөн (6) бардык
суу калдыктарын чыгарып салыңыз.
Ийилгич ийкем түтүктү (6) таза суу менен чай-
кап, сактоодон мурун толугу менен кургатыңыз.
Эгерде Сиз катуу жертамандарды тазалоочу
саптаманы колдонгон болсоңуз (37), андан ре-
зина суу айдагычын алып салыңыз (38). Аны
жууп, кургатып алыңыз.
Саптаманы (37) негизги нымдуу тазалоочу сап-
тамандан (30) алып салуу үчүн, саптаманын
(30) корпусунун үстүндөгү бекиткичтин баскы-
чын басыңыз жана ошол эле учурда саптама-
ны тартыңыз (37) (H1 сүр.). Саптаманын (30)
сол жагында жайгашкан бекиткичтин баскычын
басыңыз жана саптаманы толугу менен алып
салыңыз (37) (H2 сүр.).
Суюктук берүүчү түтүктөрдү эки нымдуу таза-
лоочу саптамадан, чачыратуучу форсункалар-
дын учтарынан ажыратуу менен гана алып са-
лууга болот (H3 сүр.).
Нымдуу тазалоо жана суу чогултуу үчүн арнал-
ган бардык алынуучу аксессуарларды сактоо
үчүн таза, агын суунун астында жууп, толугу
менен кургатуу керек.
Телескоптук түтүккө (27) же ийилгич ийкем
түтүккө (26) бекитилген алынуучу аксессуар-
лардан жаныбарлардын жүндөрү, чачтары
жана башкалар сыяктуу булгоочу заттарды
алып салыңыз. Ротациялык щеткага оролгон
чачты (25) оңой алып салуу үчүн кайчы менен
кесүүгө болот. Зарыл болсо, аксессуарларды
бир аз нымдалган чүпүрөк менен сүртүңүз, ан-
дан кийин кургатыңыз.
Чаң соргучтун корпусун сууга же башка суюк-
туктарга салбаңыз же агын суунун астында
жуубаңыз.
Эгерде чаң соргучтун корпусунун сырткы бети
кир болсо, аны нымдуу чүпүрөк менен сүртүңүз.
Чаң соргучтун ичине суу куюлуусуна жол
бербеңиз.
Чаң соргучтун жана аксессуарлардын бетин та-
залоо үчүн металл губкаларды жана эриткич
щеткаларды же чарыктоочу таасири бар таза-
лоочу каражаттарды колдонбоңуз.
ТЕЙЛӨӨ
Көңүл буруңуз! Өрт, электр тогу же жаракат
алуу коркунучун азайтуу үчүн, кам көрүүдөн,
тазалоодон же көйгөйлөрдү чечүүдөн мурун,
ар дайым чаң соргучту электр тармагынын
розеткасынан ажыратыңыз.
Кирүүчү чыпка
Чаң соргучтун үстүнкү капкагын (15) ачыңыз,
чогулткуч идишти (4) жана суюктук чукурун (18)
чыгарыңыз.
Чаң соргучтун (5) түбүндөгү кирүүчү чыпка моду-
лунун капкагын ачыңыз. Бул үчүн, капкактын ал-
дына коюлган анын бекиткичин өйдө тартыңыз
(I1 сүр.) жана капкакты алып салыңыз.
Биринчи поролон чыпканы алып чыгарыңыз
(I2 сүр.).
Астыңкы HEPA-чыпканы алып чыгарыңыз жана
зарыл болсо алмаштырыңыз (I3 сүр.).
Эгерде чыпкалар тыгылып калса, аларды
жаңыларына алмаштырыңыз же таза суу
астында жууп, бөлмө температурасында толу-
гу менен кургатыңыз.
Таза чыпкаларды тескери ырааттуулукта ор-
нотуп, капкак менен жабыңыз.

Related product manuals