EasyManua.ls Logo

Vitek VT-2433 - Page 28

Vitek VT-2433
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
28
КЫРГЫЗ
Көңүл буруңуз! Үтүк базада орнотулган кезде
жана бекитме (4) менен тосмолонгондо буу
берүүнү өчүрбөңүз, антпесе үтүктүн кокустан
бекитмесин тосмодон чечүү аракетинде буу
менен күйүп калуу коркунучу болот.
ТИГИНЕН БУУЛАП ҮТҮКТӨӨ
Резервуар (2) суу менен толтурулганын
текшериңиз.
Индикация панелинде (6) ысытуунун макси-
малдуу температурасынын индикатору (15)
пайда болгуча башкаруу баскычын (7) ыраттуу
басыңыз ( ).
Үтүк ысыганча күтүңүз, ошондо индикатор (15)
ирмегенин токтотуп тынымсыз ысып баштайт.
Кийимди илгичке илип, бир колуңуз менен
кездемени бир аз чоюңуз, илинип турган
көшөгөлөрдө жана эмеректердин кездемеле-
ринде болгон бырыштарды түздөңүз.
Пайда болгон буу өтө ысык болгондуктан,
кийилип турган кийиди эч качан буу менен
үтүктөбөңүз, кийимди дайыма илгичке илиңиз.
Кездеменин артында жетиштүү вентиляция бар
экенин текшериңиз, антпесе ным чогулат жана
көгөрүү пайда болот.
Кездеменин артында зыян келе турган эч нерсе
жок экенин текшериңиз.
Чөнтөктөр, кайруулар жана манжеттер бош эке-
нин текшериңиз.
Үтүктү кездемеге жакын кармаңыз (бирок ага
тийгизбеңиз). Аны кылдат кездмелерден алыс
кармаңыз. Буу берүү баскычын (8) чоң эмес
аянттарга буу берүү үчүн колдонууну сунуштай-
быз, ошондой жакшы натыйжа болот.
Колдонуудан кийин буу станциясын өчүрүңүз.
Буу станциясын өчүрүү үчүн индикация пане-
линде (6) азыктануу индикатору (12) пайда
болгуча башкаруу баскычын (7) ыраттуу
басыңыз « ».
Үтүктү базанын тиешелүү аянтчасына (1)
орнотуңуз жана бекиткичти (4) басуу менен
бекемдеңиз.
Тармактык шнурдун айрысын розеткадан
сууруңуз.
Сууга арналган резервуарды (2) чыгарыңыз
жана калып калган сууну андан төгүп салыңыз.
Буу станциясын тазалоонун, жылдыруунун же
сактоого алып салуунун алдында үтүк муздаш
керек.
СУУНУН ТОЛТУРУУ
Резервуарда (2) суу түгөндө, кыска үн сигналдары
чыгат, ошондо суунун төмөн деңгээлинин
индикатору (13) ирмей баштайт « ». Буу
станциясын коргоо үчүн, ысытуу жана буу берүү
функциясы автоматтуу тосмолонот. Буу берүү
функциясын калыбына келтирүү үчүн кийинки
аракеттерди жасаңыз:
1. Резервуарга суу толтуруңуз нускамада СУУГА
АРНАЛГАН РЕЗЕРВУАРДЫ ТОЛТУРУУ
бөлүмүн караңыз.
2. Буу берүү баскычын (8) кыска баскып, ысытуу
функциясын иштетиңиз, ошондо температура
индикатору (15) күйөт, андан кийин буу берүү
баскычын дагы бир жолу басып, буу берүү
функциясын калыбына келтириңиз. Андан
кийин сиз буу станцияңызды тиешелүү түрдө
колдоно аласыз.
АВТОӨЧҮРҮҮ ФУНКЦИЯСЫ
Коопсуздукту жогорулатуу максатында буу
станциясы үтүктүн таманынын жылытуусун
автоматтык түрдө өчүрүү функциясы менен
жабдылган. Эгер сиз үтүктү горизонталдуу абалда
30 секунд, же вертикалдуу абалда 3 мүнөт (үтүк буу
станциясынын аянтында турганда) колдонбосоңуз,
электрондук коопсуздук аппараты жылытуучу
элементти автоматтык түрдө өчүрөт. Ошондо
6 кыска үн сигналы чыгат, ал эми индикация
панелинде (6) азыктануу индикатору (12) имрей
баштайт « ». Ысытууну калыбына келтирүү
үчүн үтүктү силкиңиз же үтүктөп баштаңыз. Буу
станциясы автоматтуу түрдө ишине киришет.
Эңүскертүү: Автоматтык өчүрүү режиминен
кийин 15 секунданын ичинде үтүктүн ысыуусун
калыбына келтирсеңиз, анда аппаратты дароо
колдонууга болот. 15 секунддан кийин таман бир
аз муздап, температура индикатору (15) күйөт.
Үтүктү буу станциясынын базасына коюңуз,
бир аздан кийин тамандын мурда коюлган
температурасы калыбына келет жана үтүктү
ысытуу индикатору (15) тынымсыз күйүп
баштагандан кийин гана колдонууга болот.
ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАЗАЛОО ФУНКЦИЯСЫ
Шаймандын иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн сиздин
буу станцияңыз өзүн-өзү тазалоо системасы
менен жабдылган.
Өзүн-өзү тазалоо функциясын баштоо үчүн,
төмөнкү аракеттерди жасаңыз:
1. Сууга арналган резервуарды чыгарып ага суу
толтуруңуз жана аны базага орнотунуңуз.
2. Буу станцияңызды максималдуу ысытууга
туташтырыңыз жана күйгүзүңүз.
Индикация панелинде (6) ысытуунун макси-
малдуу температурасынын индикатору (15)
пайда болгуча башкаруу баскычын (7) ыраттуу
басыңыз ( ).
Үтүктү ысытканча күтө туруңуз, индикатор (15)
имрегенин токтотот жана биротоло күйөт.
3. Үтүктү ылайыктуу идиштин же раковинанын
үстүнө горизонталдуу кармаңыз, андан кийин
башкаруу баскычын (7) жана буу баскычын (8)
2 секунддай басып, кармап туруңуз.
4. Индикация панелде (6) өзүн-өзү тазалоо
индикатору (14) « » күйөт, андан кийин

Related product manuals