29
түзмөк автоматтык түрдө өзүн-өзү тазалоону
аяктайт.
5. Башкаруу баскычын (7) кайра басыңыз жана
үтүктөөнү улантууну кааласаңыз, керектүү
температура жөндөөсүн тандаңыз.
Өзүн-өзү тазалоо функциясы кебээрди
жана кирди жок кылат. Өзүн-өзү тазалоо
функциясын жумасына бир же эки жолу
колдонуңуз. Эгер сиздин аймактагы суу
өтө катуу болсо, анда өзүн-өзү тазалоо
функциясын көбүрөөк колдонушуңуз керек.
Маанилүү: Эмерек ным болуп калбашы үчүн,
өзүн-өзү тазалоо функциясы иштеп турганда
үтүктү буу станциясынын базасына койбоңуз.
КОЛДОНУУДАН КИЙИН
• Үтүктү базанын тиешелүү аянтчасына (1)
орнотуңуз.
• Үтүктү базага бекем бекитүү үчүн үтүктүн бекит-
месин (4) басыңыз.
• Суу багын чыгарып, андан калган сууну төгүңүз.
• Үтүктү тазалоодон, жылдыруудан же сактоодон
мурда толук муздаганга чейин күтүңүз.
• Туташтыруучу ийкем түтүктү экиге бүктөп, база-
нын түбүндөгү коюучу жерге (11) койсо болот.
• Буу станциясы вертикалдуу сакталганда суу
резервуары бош болушу керек.
КАРОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
• Базалык блокту айры тешиктен сууруп, аппа-
ратты толугу менен муздатыңыз.
• Сырткы беттерин нымдуу кездеме менен
сүртүңүз. Керек болсо бир аз жуугуч каражатты
колдонуңуз.
• Үтүктүн таманындагы тактарды жана минерал-
дык калдыктарды суу-уксус эритмеси менен ным-
далган кездеме менен тазалаңыз, андан кийин
тамандын бетин кургак кездеме менен сүртүңүз.
• Таманын чийип алуудан сак болуңуз.
• Үтүктүн таманын тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды же эриткичтерди колдонбоңуз.
САКТОО
• Буу станциясын сактаганга алып коюудан мурун,
түзмөк толугу менен муздагандыгына ынаныңыз.
• Резервуарда (2) калып калган сууну төгүп
салыныз.
• «КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ» бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй шайманды тазалаңыз.
• Туташтыруучу ийкем түтүктү бүктөп, аны база-
нын түбүнө орнотуңуз.
• Түзмөктү караңгы жана таза жерде балдар жана
жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар колу жетпе-
ген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Буу станциясы – 1 даана.
Колдонуу нускамасы – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Электр азыктандыруу: 220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 2200 Вт
Басымы: 4 бар
Буунун максималдуу берилүүү: 140 г/мүн
Суу чукурунун көлөмү: 1,3 л
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин
турмуш-тиричилик калдыктары менен бирге
таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу эле-
ментти андан ары утилизациялоо үчүн адистеш-
тирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң
белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, тур-
муш-тирчилик калдыктарды утилизациялоо
кызматына же бул шайманды алган дүкөнгө
кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө прин-
циптерине таасир этпеген дизайнин, конструк-
циясын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын
ала эскертпей өзгөртүү укугун сактайт, ошол
себептен шайман менен колдонмонун арзыба-
ган айырмалар болуу мүмкүн. Колдонуучу ушун-
дай келишпегендиктерди тапса, ал жөнүндө
info@vitek.ru электрондук почтасына жазып, шай-
мандын жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалы-
маттар буюмду саткан сатуучудан алууга болот.
Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып сатыл-
ган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.