EasyManua.ls Logo

Vitek VT-4200 - Page 29

Vitek VT-4200
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
29
КЫРГЫЗ
Дисплейде (13) жарыялабай коюлган бышы-
руу мөөнөтүн көрсөткөн цифралуу белгилери
күйүп үлпүлдөп турат.
Каалаган бышыруу программаны таңдап,
бышыруу мөөнөтү коюлган учурунда, дис-
плейде (13) 10 секунданын ичинде бышыруу
мөөнөттүн белгилери үлпүлдөп турат.
10 секундадан кийин азыктарды бышыруу
программасы иштеп, бышыруу мөөнөтүнүн
белгилери өчпөй күйүп, бышыруу програм-
масынын мөөнөтү бүткөнүнө чейин калган
убакыт саналып баштайт («Бышыруу програм-
малары менен алардын мөөнөтү» таблицаны
караңыз).
БЫШЫРУУ ПРОГРАММАЛАРЫ МЕНЕН АЛАРДЫН МӨӨНӨТҮ
Бышыруу
программасы
Жарыялабай
коюлган мөөнөтү
Бышыруу
мөөнөтү
Стартты кийинкиге
калтыруу
Температураны
сактоо
Ботко (сүт боткосу) 20 мин. 15 – 70 мин. + +
Палоо 60 мин. 0,5 – 6 саат. + +
Бууга бышыруу 30 мин. 5 – 120 мин. + +
Кууруу 30 мин. 10 – 60 мин.
Демдөө 35 мин. 5 – 240 мин. + +
Кактап бышыруу 45 мин. 25 – 120 мин. +
Шорпо 60 мин. 1 – 4 саат. + +
Күрүч 9 мин.
Күрүчтүн
көлөмүнө карата
+ +
Эскертүү:
бышыруу мөөнөтү жөнүндөгү маалымат рекомендация катары гана берилген.
автоматикалык программалар режиминде тамак бышыруунун натыйжасы азыктардын көлөмү
менен куюлган суунун көлөмүнө, андан тышкары азыктардын температурасына байланыштуу.
азыктарды бышыруунун алдында алардын температурасы 20-25 °C жакын болуу зарыл.
бышыруу мөөнөтүн жөнгө салуусу «Күрүч» режиминде иштебейт. бышыруу процессинде
күрүчтүн даярдыгына көз салып, керек болсо күрүчтү пластик чөмүчү (12) менен аралаштырып
туруңуз.
Тамак бышыруу мөөнөтүн жөнгө салуу.
Бышыруу программаны таңдагандан кийин
дисплейде (13) жарыялабай коюлган бышы-
руу мөөнөтүн көрсөткөн цифралуу белгилери
күйүп үлпүлдөп турат.
Программанын иштөө мөөнөтүн алмаштыруу
үчүн (16) «-», «+» баскычтарын басыңыз.
Программанын иштөө мөөнөтүн алмаштыр-
гандан киийин 10 секундадан кийин азыктарды
бышыруу программасы иштеп, бышыруу
мөөнөтүнүн белгилери өчпөй күйүп, бышыруу
программасынын мөөнөтү бүткөнүнө чейин
калган убакыт саналып баштайт.
Эскертүү: бышыруу мөөнөтүн жөнгө салуусу
«Күрүч» режиминде иштебейт.
Таңдалган бышыруу программаны токтотуу
Бышуруу программаны таңдоо убагында
таңдалган программаны өчүрүү үчүн (14)
баскычын бир жолу басыңыз, мультибышыр-
гыч күтүү режимине өтөт, «МЕНЮ» баскы-
чын басып бышыруу программаны таңдоону
улантсаңыз болот.
Таңдалган бышуруу программасы иштеп тур-
ган убагында аны программаны токтотуу үчүн
(14) баскычын бир жолу басыңыз, узун үн бел-
гиси чыгып, мультибышыргыч өчөт.
Тамак бышыруу программаны бүтүрүү
Тамак бышыруу программасы бүткөндөн кийин
10 кыска үн белгиси чыгып, дисплейде (13)
«0:00» цифралуу белгилери көрсөтүлөт.
Таңдалган бышыруу программасына карата
шайман автоматикалык түрдө температу-
раны сактоо режимине өтүп, (14) баскычын-
дагы жылытуу функциясынын индикатору
күйөт.
Бышыруу программаны бүтүрүү үчүн (14)
баскычын бир жолу басыңыз, узун үн белгиси
чыгып, мультибышыргыч өчөт.
Температураны сактоо функциясы
Белгилүү бышыруу программаларын
бүтүрүгөндөн кийин мультибышыргыч авто-
матикалык түрдө температураны сактоо режи-
мине өтуп, дисплейде (13) «0:00» белгилери
пайда болуп, (14) баскычындагы жылытуу
функциясынын индикатору күйөт.
Температураны сактоо функцясынын иштөө
мөөнөтү дисплейде (13) цифралуу белгилери
аркылуу көрсөтүлүп турат.
Температураны сактоо функциясынын макси-
малдуу иштөө мөөнөтү 12 саат.
Температураны сактоо функциясынын темпе-
ратурасы 65-80°C.

Related product manuals