EasyManua.ls Logo

Vitek VT-4200 - Page 30

Vitek VT-4200
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
30
КЫРГЫЗ
Температураны сактоо функциясын токтотуу
үчүн (14) баскычын бир жолу басыңыз, узун үн
белгиси чыгып, мультибышыргыч өчөт.
Эскертүү:
шайман даяр тамактын температурасын
12 саатка чейин сактап турганына кара-
бастан даяр тамактарды мультибышыр-
гычтын табагында көпкө чейин сактаганы
рекомендацияланбайт, себеби бул тамак-
тардын бузулуусуна алып келүү мүмкүн.
температураны сактоо функциясы «Кууруу»
программасынан башка болгон бышыруу про-
граммаларында иштейт.
Стартты кийинкиге калтыруу функциясы
Тамак бышыруу башталганын бир нече убакытка
жылдыруу үчүн ушул функцияны колдонуңуз.
Стартты кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн коюу
үчүн күтүү режиминде (17) баскычын басыңыз,
ошондо дисплейинде (13) стартты кийин-
киге жылдыруу мөөнөттүн цифралуу белги-
лери үлпүлдөп (жарыялабай коюлган мөөнөтү
30 минут), (17) баскычындагы стартты кийин-
киге жылдыруунун индикатору күйөт.
«-», «+» (16) баскычтарын басып, бышыруу
баштаганына чейинки керектүү мөөнөтүн
коюңуз (мүкмүн мөөнөтү 0,5-15 саат).
Стартты кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн кой-
гондон кийин, (15) «МЕНЮ» баскычын басып
бышыруу программасын таңдаңыз, 10 секун-
дадан кийин үлпүлдөп турган коюлган старттын
мөөнөтүнүн цифралуу белгилери үлпүлдөбөй,
турутуу түрдө күйүп, жылдырган стартына кал-
ган мөөнөт саналып, (17) баскычындагы инди-
катору күйөт.
Стартты кийинкиге жылдыруу мөөнөтү
бүткөндөн кийин мультибышыргыч күйүп,
коюлган бышыруу программасына ылайыктуу
тамакты бышырып баштайт.
Стартты кийинкиге жылдыруу функциясын
өчүрүү үчүн (14) баскычын бир жолу басыңыз,
үн белгиси чыгып, мультибышыргыч өчөт.
Эскертүү: стартты кийинкиге жылдыруу функ-
циясы «Кууруу» менен «Кактап бышыруу» про-
граммаларында иштебейт.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
чыгарып, шайманды муздатып алыңыз.
Конденсатты чогултуу идиши (7) толгондо, аны
чечип, топтолгон суюктукту төгүңүз.
Буу клапанды (6) капкактан (3) өйдө тартып
чыгарыңыз.
Буу клапанды (6) ажыратып алыңыз, бир
колуңуз менен клапанды (6) ылдый жагы-
нан кармап, башка колуңуз менен клапан-
дын үстүнкү жагын саат жебесинин тарабына
каршы бураңыз.
Клапанды (6) нейтралдуу жуучу каражат
кошулган жылуу сууга жууп, клапанды (6) кура-
тырып, капкагына (3) орнотуңуз.
Корпусу (1) менен капкагын (3) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүңүз.
Капкакты (3) ички жагынан сүртүп, силикон
прокладкасынын абалын текшерип алыңыз,
прокладканын бузулуларын тапсаңыз, мульти-
бышыргычты колдонбой, прокладканы алмаш-
тыруу үчүн тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Табагын (9), бууга бышыруу табагын (10),
чөмүчү (12) менен өлчөмдүү чынысын (11)
нейтралдуу жуучу каражат кошулган жылуу
сууга жууп, аккан суунун астында чайкап, кур-
гатып алыңыз.
Табагын (9) идиш жуучу аспапка салуусуна
тыюу салынат.
Ысытуу элементинин үстүн уздаганында
гана) жумшак кургак чүпүрөк менен сүртүп, суу
же ар кыл башка суюктар мультибышыргыч-
тын корпусунун ичине куюлганына эч качан
жол бербеңиз.
Мультибышыргычтын корпусун, электр шнуру
менен кубаттуучу сайгычын сууга же башка ар
кыл суюктуктарга салбаңыз.
Мультибышыргыч менен керек-жарактарын
тазалоо үчүн абразивдүү же эритүүчү кара-
жаттарды колдонбоңуз.
САКТОО
Мультибышыргычты электр тармагынан
ажыратып, толугу менен муздатып, тазалап
алыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген кургак салкын
жеринде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Мультибышыргыч – 1 даана.
Табак – 1 даана.
Бууга бышыруу үчүн табагы – 1 даана.
Чөмүч – 1 даана.
Өлчөмдүү чынысы – 1 даана.
Рецепттер китеби – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 900 Вт
Табактын көлөмү: 5 л
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин
турмуш-тиричилик калдыктары менен бирге
таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу эле-
ментти андан ары утилизациялоо үчүн адистеш-
тирлиген пункттарга бериңиз.

Related product manuals