47
суу чукурунда жараканын пайда болушуна жана
түзмөктүн сынышына алып келет.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
–
Суу чукурун (2) орнотууда кофе дандары (3)
үчүн контейнердин капкагы бекем жабылы-
шы керек.
–
Суу чачырабаш үчүн чукурду (2) кофема-
шинага кайра салып жатканда ашыкча
толтурбаңыз.
–
Эгерде сиз идишке суу толтуруу үчүн ылай-
ыктуу идиш колдонсоңуз жана чукурду кофе-
машинадан чыгарбасаңыз, суу куюп жатканда
кофе дандары үчүн контейнердин (3) капкагы
бекем жабылганын текшериңиз. Каршы учур-
да, кокустан кофе дандары үчүн контейнерге
кирип кетсе, кофе майдалагыч бузулат.
–
Суу чукурун мүмкүн болушунча тез-тезден
алмаштырыңыз! Чукурдагы көптөн бери
турган суу микроорганизмдерди камтышы
мүмкүн жана ден соолугуңузга коркунуч кел-
тириши мүмкүн.
•
Кофе дандары үчүн контейнердин (3) капка-
гын ачып, контейнердин (5) ичин жумшак, бир
аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүңүз, андан соң
кургатып сүртүңүз.
•
Майдалоо даражасынын жөндөгүчүнүн аба-
лын текшериңиз. Майдалоо даражасынын
жөндөгүчтүн кармагычын (4) биринчи пай-
далануудан мурда 3 абалына коюу керек
(2-сүрөт).
•
Контейнерге (5) кофе дандарын (3-сүр.)
салыңыз жана аны капкак (3) менен бекем
жабыңыз.
Кофемашина кофенин ар бир порциясы үчүн ор-
нотулган кофе майдалагыч тарабынан майдалан-
ган бүтүн куурулган кофе дандарынан гана кофе
ичимдиктерин даярдоого мүмкүндүк берет.
Эскертүү: Контейнерди бир нече күнгө керек-
теле турган кофе даны менен толтуруңуз.
Кофе абадан өз жыпар жытын жоготот.
Көңүл буруңуз! Кофе ичимдиктерин даярдоо-
дон мурун Кофе майдалоо даражасын жөндөө
бөлүмүн окуп, кофе дандарын майдалоо даража-
сын туура жөндөңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Кофе дандарынын контейне-
рине (4) куурулган кофе дандарын гана салууга
болот. Сураныч, контейнерге эригич кофе, эри-
гич кофе күлмайдасын, ысык суу менен аларды
тез бышырууга арналган сублимацияланган
кофе камтыган башка майдаланган аралашма-
ларды, катуу заттар менен аралашкан кофе
дандарын, кант, карамель камтыган кайра иш-
тетилген кофе дандарын кошпоңуз, тоңдургуч
камерада сакталган кофе дандарын эч качан
колдонбоңуз,, болбосо майдалагычтын бычак-
тары бузулат.
ШАЙМАНДЫ КОЛДОНУУ
Кофемашинаны иштетүү
Тармактык шнурдун айрысын электр розетка-
сына сайыңыз.
–
Суюктукту төгүү үчүн табактын (11) металл
торуна ылайыктуу идиш койуңуз.
–
Ысык суунун чачыраганына түздөн-түз тий-
беш үчүн, кофе чыгаруучу сапсалгынын (9)
бийиктиги боюнча тууралаңыз (4-сүр.).
–
Кофемашинаны күйгүзүү үчүн баскычын (10)
« » басыңыз (4-сүрөт).
Кофемашинаны күйгүзгөндө, жылытуу, өзүн-
өзү диагностикалоо күйөт жана тутумду авто-
маттык түрдө жуу шарттамы иштей баштайт,
бул учурда процесстин жүрүшү башкаруу па-
нелинин дисплейинде (7) көрсөтүлөт. Тутумду
автоматтык түрдө жууп тазалоо учурунда кофе
чыгаруучу сапсалгыдан (9) аз өлчөмдө ысык
суу агып чыгат.
–
Жогорудагы процесстер аяктагандан кийин,
кофемашина күтүү шарттамына өтүп, кол-
донууга даяр болот, башкаруу панелинде
(7) иштөө шарттамынын баскычтары жана
чөйчөк кофенин жалпы санын көрсөткөн ди-
сплей пайда болот (5-сүрөт).
Эскертүү:
– Башкаруу панелиндеги (7) иштөө шарт-
тамынын баскычтары сенсордук,
керектүү иштөө шарттамын кошуу үчүн
баскычка тийүү жетиштүү, ал эми ар бир
баскычты басуу кыска үн сигналы менен
ырасталат.
–
Тамчы чачырабаш үчүн кофе берүүчү
сапсалгынын (9) бийиктигин ар дайым
чөйчөктүн бийиктигине тууралаңыз.
–
Жууп тазалоо учурунда алынуучу табак-
ка (11) кир суу толуп кетпеши үчүн, кофе
берүүчүсапсалгынын (9) астына чөйчөктү
же башка ылайыктуу идиштерди коюңуз
(4-сүр.).
Кофемашинаны өчүрүү
–
Суюктукту төгүү үчүн табактын (11) металл
торуна ылайыктуу идиш койуңуз жана кофе
берүүчү сапсалгы (9) бийиктиги боюнча
жөндөңүз (4-сүр.).
–
Кофемашинаны өчүрүү үчүн күйгүзүү ба-
скычын (10) « » 3 секунд басып, кармап
туруңуз, үн сигналы чыгат жана тутумду ав-
томаттык түрдө жуу күйөт.
Жууп тазалоо процессинде башкаруу панелин-
деги дисплейде «clean» жууп тазалоо белгиле-
ри пайда болот жана кофе чыгаруучу сапсалгы-
нын жарыктандыргычы күйөт. Тутумду жууп та-
залоо бүткөндөн кийин дисплейдеги белгилер
өчөт, кофемашина күйөт.