EasyManua.ls Logo

Vitek VT-4202 - Page 31

Vitek VT-4202
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
31
КЫРГЫЗ
Кийимдин чекелери же башка буюмдар
шаймандын капкагы менен корпусунун
арасына түшпөгөнүн байкап туруңуз.
Шайманды кароосуз калтырбаңыз.
Шайманды колдонбой турганда аны өчүрүп,
электр тармагынан ажыратыңыз.
Күйүк болбоо үчүн буу чыгуучу тешигинин
үстүнө эңкейбеңиз. Тамактарды бышырып
турган мезгилинде же жаңы бышыргандан
кийин мультибышыргычтын капкагын
ачканда абдан этият болуңуз. Буу таасиринен
күйүк болуу коркунучу бар!
Шайман «Кууруу» режиминде иштеген
учурунда ысык май чачыраганынан күйүк
болбоо үчүн мультибышыргычтын табагынын
үстүнө эңкейбеңиз.
Шайман иштеп турган убагында «Кууруу»
режиминен башка учурларда шаймандын
капкагын ачык калтырбаңыз.
Мультибышыргыч иштеген убагында капка-
гынын бетин тийбеңиз, капкакты мульти-
бышыргычтын капкагын ачуу баскычын (4)
басуу аркылуу гана ачсаңыз болот.
Ысык буу таасиринен күйүк албас үчүн
мультибышыргычтын капкагын ачканда
абдан этият болуңуз.
Буу чыгуучу тешиги менен буу клапанды
тазалыгында сактап, булганып калганда
аларды тазалап туруңуз.
Табагы коюлбаганда шайманды колдон-
гонуна чечкиндүү түрдө тыюу салынып,
мультибышыргычты азыктар сылан-
баганда же табагындагы суюктуктун көлөмү
жеткиликтүү эмес болгондо колдонууга тыюу
салынат.
Капкактын ички жагындагы силикон
прокладкасынын бузулуулары бар болгондо
мультибышыргычты колдонууга тыюу
салынат.
Кургак азыктар менен сюуктуктун көлөмү
жөнүндөгү рекомендацияларын колдонуңуз.
Шайман иштеп турган учурунда табагын
чыгарбаңыз.
Мультибышыргыч иштеп турган мезги линде
анын үстүн жабпаңыз.
Көңүл буруңуз! Азыктарды бууга бышыр-
ганда табагындагы суунун деңгээлин байкап,
керек болгондо сууну куюп туруңуз.Шайманды
кароосуз калтырбаңыз!
Мультибышыргыч иштеп турган учурунда
аны ташууга тыюу салынат.Көтөрүп ташуу
үчүн туткасын шайманды алдын ала электр
тармагынан ажыратып, тамак салынган
табагын чыгарып, мультибышыргычты
муздатып колдонуңуз.
Мультибышыргыч иштеп турган мезгилинде
капкагы, азыктарды бышыруу табагы жана
корпустун бөлүктөрү абдан ысыйт, аларды
тийбеңиз, табагын чыгаруу үчүн ашкана
туткучтарын колдонуңуз.
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго
балдарга уруксат бербеңиз! Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн арналган
эмес.
Шайман иштеп турган учурунда балдарга
шайман менен электр шнурун тийгенге
уруксат бербеңиз.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол
бербегени үчүн аларга көз салуу зарыл.
Шайман иштеп турганда же иштөө
циклдердин арасында аны балдардын колу
жетпеген жерде сактаңыз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
Түзмөк тышкы таймерден же өзгөчөлөнгөн
аралыктан башкаруу системасы менен
иштегенге ылайыкташтырылбаган.
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
шайманды колдонбоңуз.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген

Related product manuals