EasyManua.ls Logo

Vitek VT-4202 - Page 32

Vitek VT-4202
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
32
КЫРГЫЗ
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болбогону үчүн шайманды
заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген кургак
салкын жеринде сактаңыз
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ-
ТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДА-
ЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА
ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ
ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
ТАБАГЫН (9) КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Шайман менен бөлүктөрүн тике дайындоо
боюнча гана колдонуңуз. Табагын ысытуу
аспап же бышыруу беттердин үстүнө коюп
тамактарды бышырууга тыюу салынат.
Табагын башка идиш менен
алмаштырбаңыз.
Ысытуу элементинин бети менен табактын
(9) түбү ар дайып таза жана кургак
болгонун байкап туруңуз.
Азыктарды кошуу үчүн идиш катары
табагын колдонбоңуз.Күйбөс катмарын
бузулууга жол бербөө үчүн азыктарды эч
качан табактын ичинде майдалатпаңыз.
Табагы деформацияланган болсо же
күйбөс катмары бузулган болсо табакты
колдонбоңуз.
Башка заттарды табактын ичинде эч качан
калтырбаңыз да сактабаңыз.
Тамактарды табактын ичине бышыруу
убагында аларды пластик чөмүчү (12)
менен гана аралаштырыңыз.
Табактын күйбөс катмарын буза турган
металл буюмдарды колдонбоңуз.
Бышыруу режимин таңдагандын алдында
табагы туура орнотулганын текшерип
алыңыз.
Татымал менен курчутмалар кошулган
тамак ты бышыруудан кийин табагын (9)
дароо эле жууп тазалоо рекомен дацияланат.
Күйбөс катмары бузулбоо үчүн тамакты
бышыргандан кийин табагын (9) дароо
эле муздак суунун астына салбай, аны
биринчиден муздатып алыңыз.
Табагы (9) идиш жуучу аспаптын ичинде
жууганга ылайыкташтырылбаган эмес.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Шайманды кутудан чыгарып, шаймандын
иштегенине тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
Мультибышыргычты тегиз ысыкка чыдамдуу
беттин үстүнө, ашканадагы жылуулук булакта-
рынан (газ меши, электр меши же бышыруучу
панели катары) алыс жерде орнотуңуз.
Мультибышыргычты анын корпусу менен
дубалдын аралыгы 20 сантиметрден кем
эмес жана анын үстүндөгү бош жайы
30-40 сантиметрден кем эмес болгондой
орнотуңуз.
Чыгып турган буунун жогору темпе-
ратурасынан бузула турган буюмдардын
тикеден-тике жакынчылыгында шайманды
калрыбаңыз.
Көңүл буруңуз! Шайманды ванна, раковина
жана башка суу толтурулган идиштерин
жанында орнотпоңуз.
Баскычын (4) басып, капкагын (3) ачыңыз.
Болгон чечилме бөлүктөрүн – табагын (9),
бууга бышыруу табагын (10), чөмүчү (12)
менен өлчөмдүү чынысын (11) жумшак
сүлгү менен нейтралдуу жуучу каражатка
жууп, аккан суунун астында чайкап,
кургатып алыңыз.
Шаймандын корпусун (1) жумшак бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан соң
кургатып сүртүңүз.
МУЛЬТИБЫШЫРГЫЧТЫ КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуз!
Иштеп турган шайманды эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
Мультибышыргычты биринчи
колдонгондо, ысытуучу элементтен
башкача жыт чыгышы мүмкүн, бул
табигый көрүнүш.
Бышырып баштагандын алдында
мультибышыргычтын капкагы бекем
жабылганын текшерип алыңыз.
Күйүк албас үчүн капкагын (3) ачканда
этият болуңуз, мультибышыргыч
иштөө процессинде буу чыгуучу
тешиктердин (6) үстүнө эңкейбей,
денеңиздин ачык жактарын табактын
(9) үстүнө жайгаштырбаңыз!

Related product manuals