27
КОФЕ КАЙНАТКЫЧ VT-8468
Кофе кайнаткыч «ЭСПРЕССО» кофени бышыруу
жана «КАПУЧИНО» кофе жасоо үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Чыныларды жылытуучу аянтча
2. Иштетүү/өчүрүү «ON / OFF» баскычы
3. Эспрессо / ысык суу берүүчү баскыч
4. Буу берүү баскычы
5. Чыпка кармагычтын туткасы
6. Тамчылар үчүн түпкүчү
7. Буу берүүнүн туткасы
8. Капучинатор түтүкчөсү
9. Суу үчүн чукур
10. 1 чыныга кичи чыпка
11. 2 чыныга чоң чыпка
12. Чыпканын кармагычы
13. Өлчөмдүү кашык
14. Тамчылар үчүн түпкүчтүн панжарасы
15. Түпкүч толгондун калкыма индикатору
КОЛДОНУУ ЖАНА КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
БОЮНЧА РЕКОМЕНДАЦИЯЛАР
•
Электр шайманды пайдалануудан мурун
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүз. Ушул
колдонмону бүткүл кызмат мөөнөтүнө сактап
алыңыз.
•
Түзмөктү туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Кофе кайнаткычты биринчи жолу иштеткенден
мурун шаймандын иштөөчү чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
•
Тармактык шнур «евровилка» менен
жабдылгандыктан, аны талапка ылайык
жердетилген электр розеткасына сайыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн кофе кайнаткычты
электр розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты тике дайындоо боюнча гана
колдонуңуз.
•
Шайманды имараттардын сыртында
колдонбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты температурасы 0°C төмөн
болгон имараттарда эч качан калтырбаңыз да
сактабаңыз.
•
Кофе кайнаткычты кургак, тегиз, бекем турган
беттин үстүндө колдонуңуз, столдун чет жагына
койбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты ысык беттерге койбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты жылуулук, нымдуулук
же ачык от булактардын тикеден-тике
жакынчылыкта колдонбоңуз.
•
Электр кубатына сайылуучу шнур столдон
ылдый салаңдап турбашы керек же ысып турган
нерселерге же эмеректин учтуу бурчтарына
тийип калбашы керек.
•
Чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз.
•
Ток урбас үчүн шайманды, электр шнурун
жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Топтомго кирген бөлүктөрүн гана пайдаланыңыз.
•
Кофе кайнаткычты суусуз иштетпеңиз.
•
Таза муздак сууну гана пайдаланыңыз, суу
үчүн турмуш-тирчилик чыпкалардан өткөзүлүп
кошумча тазаланган сууну пайладанууңузду
сунуш кылабыз.
•
Кофе кайнаткычты иштетүүнүн алдында
болгон чечилме бөлүктөрү туура орнотулганын
текшерип алыңыз.
•
Иштеп турган кофе кайнаткычын эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
•
Электр шнурун, кубаттуучу сайгычын, кофе
кайнаткычтын корпусун суу колуңуз менен
тийбеңиз.
•
Күйүк болбоо үчүн кофе жасалып турган учурда
жана шайманды жаңы өчүргөндөн кийин ысык
беттерин (чыпка кармагычын, бойлерин,
капучинатор түтүкчөсүн) тийбеңиз.
•
Бөлүктөрүн чечүүнүн же тазалоонун алдында
шайманды толугу менен муздатып алыңыз.
•
Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында чыпка
кармагычты чечүүгө тыюу салынат.
•
Тазалагандан мурун жана шайманды
пайдаланбаган учурда аны электр тармагынан
суруңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармаңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен
баштыктары же таңгактоочу пленка менен
ойноого уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
•
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
•
Бул түзмөктү жаш балдар колдонууга
ылайыкташтырылган эмес.
•
Түзмөк иштеп жана муздап турганда аны
балдар жетпеген жерге коюңуз.