29
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– баскычтар (3), (4) басылып турганда чыпка
кармагычты (12) чечүүгө тыюу салынат.
– Кофе бышыруудан кийин чыпка кармагычын
(12) дароо чечпеңиз, себеби чыпканын ичинде
суу менен буунун ашыкча басымы болуу
мүмкүн, кофе кайнаткыч муздаганын күтүңүз.
– Чыпка кармагычты (12) чечүү үчүн тутканы
(5) сол «INSERT» жака бурап, кармагычты
(12) чечиңиз.
ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО
•
Буу берүү өчүрүлгөнүн текшериңиз, ал үчүн
тутканы (7) «OFF--- +» саат жебесинин багыты
боюнча «OFF» такалганга чейин бураңыз.
•
Идиште (9) суусу жетиштүү болгонун текшерип
алыңыз. Зарыл болсо, MAX белгисинен
ашырбай сууну кошуңуз.
•
Кофе чыпканы (10 же 11) в кармагычына (12)
салыңыз.
•
Тарттырылган кофени чыпкага (10 же 11)
салып, өлчөмдүү кашыктын (13) арты жагы
менен кофени бир аз тыгыздатып алыңыз.
•
Чыпка кармагычты (12) кофе кайнаткычка
орнотуңуз. Кармагычтын (12) чыгып турган
жайлары бойлердеги оюктары «INSERT» менен
дал келиши зарыл, андан соң чыпка кармагычты
(5) оң жагына токтогонуна чейин «LOCK» бураңыз.
•
Түпкүчтүн (6) панжарасына (14) бир же эки
чыныны коюңуз.
•
Тармактык боонун сайгычын розеткага сайыңыз.
•
Иштетүү/өчүрүү (2) «ON/OFF» баскычты
басып, кофе кайнаткычты иштетиңиз, ошондо
баскычтын жарыктандыргычы күйөт.
•
Суу берүү баскычынын жарыгы (3) дайыма
күйүп турушун күтүңүз, кофе кайнаткыч
колдонууга даяр.
•
баскычты (3) басып суу берүүнү иштетиңиз,
чыны даяр кофе менен толуп турганын байкап,
суу берүүнү токтотуу үчүн баскычты (3)
кайрадан басыңыз.
•
Күйгүзүү/өчүрүү (2) баскычын басуу менен кофе
кайнаткычты өчүрүңүз, баскычтардын (2, 3, 4)
жарыгы өчөт.
•
Кофе кайнаткыч муздаганын күтүп, чыпканын
туткасын (12) сол «INSERT» жака бурап чыпка
кармагычты (12) чечиңиз. Калган тарттырылган
кофени төгүп, чыпканы (10) же (11) жууп
алыңыз.
Эскертүү:
– Колдонулган чыныларды алдын ала жылытуу
зарыл, бойлердеги суу жылып турган
убагында чыныларды аянтчага (1) коюңуз.
– Чыпка кармагычты тез чечуу зарыл
болсо, бойлердеги кысымды төмөндөтүү
зарыл, күйгүзүү/өчүрүү баскычын (2) басып
кофе кайнаткычты өчүрүп, капучинатор
түтүкчөнүн (8) учунун астына ылайыктуу
чыныны коюп, жөндөгүчтү (7) «OFF--- +»
саат жебесинин багытына каршы бурап,
бойлердеги кысым түшкөндөн кийин чыпка
кармагычын (12) чечиңиз.
КАПУЧИНО КОФЕНИ ДАЯРДОО
Көңүл буруңуз! Чыгып турган ысык буудан күйүк
алуудан абайлаңыз.
•
Буу берүүнүн туткасы (7) «OFF--- +» «буу берүү
өчүрүлгөн OFF» абалында болгонун текшерип
алыңыз.
•
Көлөмү чалынган сүттүн же каймактын
көбүгүн кошуу үчүн жетиштүү болгон чыныда
«ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО» бөлүгүндө
жазылгандай кофени кайнатып алыңыз.
•
Буу баскычын басыңыз (4), баскычтын (4)
жарыгы туруктуу күйгөнчө күтө туруңуз.
Капучинатор түтүкчөнүн (8) учунун астына суу
куюуга ылайыктуу идишти коюңуз. Буу берүү
туткасын (7) «OFF--- +» айлануунун төрттөн
бирине саат жебесинин багытына каршы
акырындык менен бурап, буу түтүкчөдө (8)
калган конденсатты кетириңиз.
•
Конденсатты кетиргенден кийин тутканы (7)
«OFF--- +» саат жебесинин багыты боюнча
токтогонуна чейин «OFF» бураңыз.
Эскертүү: чыпка кармагычтан (12) же буу
соплосунан бир аз суу же буу чыгуу мүмкүн, бул
нормалдуу кубулуш.
•
Капучинатор түтүкчөнүн учун (8) муздак сүт
же каймак куюлган чыныга салып, буу берүү
жөндөгүч туткасын «OFF--- +» саат жебесинин
багытына каршы айлануунун төрттөн бирине же
андан көп акырындык менен бураңыз. Түтүкчө
учу (8) чынынын түбүнө тийбегени зарыл,
болбосо буу чыгуусу тосулуп калат, коюу көбүк
алуу үчүн бир нече секунда жетиштүү.
Эскертүү: - сүт төгүлгөнүнө жол бербөө үчүн
капучинатор түтүкчөнүн учун (8) ар дайым
сүттүн бетинен 1 см тереңдигинен төмөн
салыңыз.
•
Чыгып турган буу сүт көбүгү пайда болгонун
камсыз кылган тегеренүүлөрдү жаратат, сүт
куюлган идишти көбүк пайда болгонуна чейин
мезгилдүү түрдө капучинатор түтүкчөнүн учуна
(7) карата көтөрүп жана ылдыйлатып туруңуз.
•
Тутканы (7) «OFF--- +» саат жебесинин багыты
боюнча токтогонуна чейин «OFF» бураңыз.