420
Кыргызча
-
Бул шайман тышкы таймер же өзүнчө алыстан башкаруу пульту менен
иштетүүгө арналган эмес.
-
Колдонуп жатканда тышкы катмарлары ысып кетиши мүмкүн.
-
Бул шайманды анын коркунучтары тууралуу түшүнгөн, аны коопсуз
пайдалануу боюнча көрсөтмөлөр менен таанышкан 8 жаш жана андан
жогорку курактагы балдар жана физикалык жактан, сезүү жөндөмү же
акыл-эси чектелген адамдар же тажрыйбасыз адамдар өз алдынча же
чоңдордун көзөмөлү астында колдоно алышат.
-
Балдар шайман менен ойнобошу керек. Чоң адамдардын көзөмөлү жок
учурда 8 жаштан жогорку балдар тарабынан тазалоо жана колдонуу
иштери жүргүзүлбөйт.
-
Шайманды жана анын шнурун 8 жашка чыга элек балдар жетпей турган
жерде сактаңыз.
-
Шайманды дубалга же башка шаймандарга такап койбоңуз. Шаймандын
артында, эки капталында жана үстүндө кеминде 10 см бош орун
калтырыңыз. Шаймандын үстүнө эч нерсе койбоңуз.
-
Ысык абага кууруп жатканда аба чыгуучу көзөнөктөр аркылуу ысык буу
чыгып турат. Колдоруңуз менен бетиңизди буудан жана аба чыгуучу
көзөнөктөрдөн алыс кармаңыз. Шаймандан көмөч казанды чыгарып
жатканда ысык буудан жана абадан сак болуңуз.
-
Шаймандын ичинде жеңил ингредиенттерди же бышыруу кагазын эч
качан колдонбоңуз.
-
Колдонуп жатканда тышкы катмарлары ысып кетиши мүмкүн.
-
Картошканы сактоо: Температура сакталган картошканын сортуна
ылайыктуу болуп, даярдалган тамактын акриламидге байланышуу
тобокелин минималдаштыруу үчүн ал 6 °C жогору болууга тийиш.
-
Көмөч казанга эч качан суу май куйбаңыз.
-
Бул шайман айлананын температурасы 5°C жана 40°C аралыгында
колдонууга багытталган.
-
Шайманды туташтыруудан мурда шайманда көрсөтүлгөн чыңалуу
жергиликтүү тармактын чыңалуусуна дал келерин текшериңиз.
-
Электр шнурун ысык жерлерден алыс кармаңыз.
-
Шайманды дасторкон же парда сыяктуу күйүүчү материалдардын үстүнө
же аларга жакын койбоңуз.
-
Шайманды ушул нускамаларда көрсөтүлгөндөн башка максатта
колдонбоңуз жана бир гана түпнуска Philips жабдыктарын колдонуңуз.
-
Шайман иштеп жатканда кароосуз калтырбаңыз.
-
Бышыруу камерасынын ичине коюлган көмөч казан жана жабдыктары
шайманды колдонуп жатканда жана колдонгондон кийин ысып калат. Ар
дайым кылдаттык менен кармаңыз.
-
Шайманды биринчи жолу колдонууга чейин тамакка тие турган
бөлүктөрүн жакшылап тазалап алыңыз. Нускамадагы көрсөтмөлөрдү
караңыз.
421 / 557 420 / 555 421 / 557