EasyManua.ls Logo

Philips NA231 - Page 430

Philips NA231
557 pages
Print Icon
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Loading...
429
Кыргызча
-
Фри жасоого ылайыктуу сортту тандаңыз, мисалы, жаңы, (бир аз)
крахмалы көп картошка.
-
Бир калыпта болушу үчүн фрилерди 500 г / 18 унцияга чейин партиялап
кууруган жакшы. Чоңураак өлчөмдөгү фри, адатта, кичинекей
порциядагы фрилерге караганда азыраак кырсылдак болот.
1 Картошканын кабыгын арчып, фри формасында туураңыз (калыңдыгы
10х10 мм / 0,4х0,4).
2 Картошка таякчаларын суу куюлган идишке кеминде 30мүнөткө чылап
коюңуз.
3 Суусун төгүп, картошка таякчаларын ашкана сүлгүсү же кагаз сүлгү менен
кургатып алыңыз.
4 Идишке бир аш кашык өсүмдүк майын куюп, таякчаларды идишке салып,
таякчалар майланганга чейин аралаштырыңыз.
5 Ашыкча май идиштин түбүндө калгыдай кылып, манжаларыңыз же
депкир менен идиштен таякчаларды чыгарып салыңыз.
Эскертүү
-
Ашыкча май көмөч казанга куюлуп калбашы үчүн бардык
таякчаларды көмөч казанга бир убакта салуу аракетинде идишти
эңкейтпеңиз.
6 Таякчаларды көмөч казанга салыңыз.
7 Картошка таякчаларын кууруп, бышыруу учурунда 2-3 жолу
аралаштырыңыз.
Тазалоо
Көңүл буруңуз
-
Тазалап баштоодон мурун көмөч казанды жана шаймандын ичин
толук муздатып алыңыз.
-
Көмөч казандын жабышып калуудан коргогон каптоосу бар. Металл
жабдыктарды же абразивдүү тазалоо каражаттарын колдонбоңуз,
анткени бул жабышып калуудан коргогон каптоосун бузушу
мүмкүн.
Ар бир колдонгондон кийин шайманды тазалаңыз. Ар бир колдонгондон
кийин көмөч казандын түбүнөн майды алып салыңыз.
1 Шаймандын күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз да, ачакейди розеткадан
сууруп, шайманды муздатып алыңыз.
430 / 557 429 / 555 430 / 557

Table of Contents