646
Кыргызча
9 Щётка башынын капкагы
10 Смарт щётканын баш(тар)ы
11 BrushSync символу
12 USB заряддагыч (дубал адаптери кошулган жок)
13 Жолдо алып жүрүү кутучасы
14 Кубаттагычтын саякат кутусу
15 USB кабели
Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай
айырмаланышы мүмкүн.
Sonicare колдонмосу - Баштоо
Sonicare колдонмосу тиш щеткаңыз менен жупташып, процесске көз салуу
мүмкүнчүлүгүн берет. Тиш щеткаңызды Sonicare колдонмоңуздун
аккаунтуна туташтыруу менен, төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
- Тишиңизди тазалоо процессин байкаңыз
- Ооз көңдөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртуу боюнча жеке
кеңештерди жана сунуштарды алыңыз
- Артыкчылыктардын толук катарын колдонуп жана жаңыртууларды
үзгүлтүксүз алыңыз
Колдонмо мобилдик телефондордун кеңири спектрине шайкеш келет.
Sonicare колдонмосун пайдалануу үчүн:
1
Sonicare колдонмосун телефонуңузга жүктөп алыңыз.
2
Телефонуңузда Bluetooth күйгүзүлгөнүн текшериңиз.
3
Тиш щеткаңыздын активдүү (жанып турганын) экенин тактоо үчүн аны
алыңыз.
4
Колдонмону ачып, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз.
5
Тиш шеткаңызды колдонмо менен жупташтырыңыз.
6
Колдонмо аркылуу аккаунт түзүңүз. Микропрограмманы жаңыртып,
акыркы жакшыртууларга жана функцияларга кирүү мүмкүндүгүн
алыңыз.
7
Колдонмого туташкан тиш щеткаңыз менен дайыма тазалап туруңуз.
Тиш щеткасын колдонмо менен үзгүлтүксүз шайкештиргениңизде, ооз
көңдөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртууга жардам берүү үчүн
жаңыртууларды аласыз.
8
Регулярдуу түрдө шайкештирип туруңуз.
9
Дайындар оптималдуу өткөрүлүп турушу үчүн телефонуңузду тиш
щеткаңыздын жанына жакын кармаңыз.
Кол менен мезгилдештирүү үчүн: Колдонмонун
функцияларынан/мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн тиш щеткаңызды
эки жума сайын колдонмо менен туташтырыңыз.