467
Кыргызча
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе,
www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык
кепилдик баракчасын окуңуз.
Кепилдиктеги чектөөлөр
Эл аралык кепилдик шарттарына төмөнкүлөр
кирбейт:
- Щётканын баштары.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн
колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу,
олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген
оңдоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскирүү, анын ичинде майда сынык,
чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.
Кайра иштетүү
- Бул символ электрикалык өнүмдөр менен
батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы
катары ыргытууга болбостугун билдирет.
- Электрдик жана электрондук өнүмдөрдү жана
батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына
ылайык өзүнчө чогултуңуз.
Кыналган кайрадан заряддалуучу батарейканы алып
чыгаруу
Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала
орнотулган кайра кубатталуучу батареяны
квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек.
Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты
толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.
Шайманды ачаарында куралдарды колго
алганыңызда жана кайра заряддалуучу
батарейканы жок кылганыңызда этият болуңуз.
Көз, кол, манжаларыңызды жана сиз иштеп
жаткан бетти коргоңуз.