468
Кыргызча
Батарейкаларды колго алганыңызда, колуңуз,
өнүм жана батарейкалар кургак болушуна
ынаныңыз.
Батарейкалардын ачып салынгандан кийини
кокустан кыска туташуусунан этият болууга,
батарейка терминалдары метал нерселерге
(мисалы, тыйын, шпилька, шакектер)
тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды
алюминий фольгасына оробоңуз. Батарейка
терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же
батарейкаларды ыргытуу алдында
пластикалык мүшөккө салыңыз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу
Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты
толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн кездеме
же сүлгү, балка жана учу жалпак (стандарттуу)
отвёртка керек.
1
Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу
менен түгөтүү үчүн, анын кармагычын
кубаттагычтан чыгарып, Philips Sonicare шайманын
күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете бериңиз.
Philips Sonicare күйбөй калганга чейин ушул
кадамды кайталаңыз.
2
Щётканын башын чыгарып, утилизациялаңыз.
Бүтүндөй кармагычты сүлгү же кездеме менен
жабыңыз.
3
Кармагычтын жогору жагын бир колуңуз менен
кармап, ал эми анын корпусун түбүнөн 0,5 дюйм
жогору бөлүгүн кагыңыз. Аяккы капкагын чыгаруу
үчүн 4 тараптан тең балка менен катуу кагыңыз.
Эскертме: Ички бекиме туташууларды үзүү үчүн
аягына бир нече жолу тийишиңиз керек болушу
мүмкүн.